Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Оппозиция лидери ооган парламентинин төмөнкү палатасынын төрагалыгына шайланды


Юнус Кануни парламенттин төмөнкү палатасынын спикерлигине президент Хамид Карзайдын өнөктөшүн бир аз добуш менен жеңүү аркылуу келди. Улуту боюнча тажик Кануни былтыркы президенттик шайлоодо Карзайдан кийинки экинчи орунду алган. Ал эми кечээ президент Карзайдын саясий өнөгү Сибхатулла Можадиди парламенттин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланган эле. Ооганстанда акыркы 30 жылдан ашуун убакыт парламент болгон эмес. Былтыр сентябрда шайланган депутаттар ишке ушул дүйшөмбү күнү киришти.

XS
SM
MD
LG