Өзбекстандын Жогорку соту кечээ күнү билдиргенге караганда, Анжиян окуяларына катышкан деп дагы 42 адам соттолду жана алар 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылууга кесилди. Аларга каршы үч башка сот жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп жүздөн ашык адам соттолду жана алардын баары конституциялык түзүлүшкө каршы чыгып, террордук аракет даярдаган деп күнөөлөндү. Үстүбүздөгү жылдын 13-майында Анжиянда козголоң чыккан жана бийлик аны күч менен баскан. Расми маалымат боюнча 187 адам өлгөн, укук коргоочулардын айтымында болсо, курман болгондордун саны бир нече жүз.