Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Бейөкмөт уюмдар боюнча оңдолгон мыйзам Орусияда экинчи окууда кабыл алынды


Орусиянын Мамлекеттик думасы кечээ күнү бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Ал мурда дүйнөлүк коомчулук тарабынан катуу сынга алынгандыктан, долбоорго бир нече кошумча киргизилди жана анын айрым беренелери алып салынды. Мисал үчүн бейөкмөт уюмдар сөзсүз түрдө эми кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү эмес. АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, мыйзам канчалык сапаттуу экенин аныкташ үчүн эми эксперттердин пикирин билүү керек.

XS
SM
MD
LG