Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

МАСКӨӨ - КИЕВ : ГАЗ БААСЫНДА САЯСИЙ ЧОҢ МАСЕЛЕ ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан бир жыл мурда Украинада элдик ыңкылап болуп, бийликке Маскөө жактырган талапкер эмес, өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракеттенген Виктор Ющенко келгенден бери Маскөө менен Киев ортосунда саясий таймашуу күчөп баратат. Орусиянын бир топ белгилүү жетекчилери - Маскөөлүк саясаттан четтеген мурдагы советтик жумурияттарга экономикалык басым жасап, аларды кол алдыда кармоо керек деген пикирди бардык деңгээлде айтып келет.

Баш ийбеген кошуна мамлекеттерге каршы колдонула ала турган андай экономикалык ыкмалардын бири - табигый газдын баасы. Анын бир миң куб метри дүйнөлүк базарда 200-300 доллардын тегерегинде сатылат, бирок Орусия мурдагы советтик жумурияттарга аны мурда 40-60 долларга сатып келген. Украина өзүнө талаптуу дээрлик бардык газды Орусиядан алат, ошондуктан Маскөө кандай баа талап кылса, ошонуу төлөөгө Киев аргасыз сыяктуу.

Анткен менен Украинанын аймагы аркылуу Европага кеткен куурлар да жатат, ошондуктан маселе анчалык оңой эмес. Бирок жакында Маскөө - Балтик деңизинин түбү менен жаңы куур жаткыруу долбоорун Алмания менен сүйлөштү жана андан башка да даярдыктар көрүлгөндүктөн, акыркы күндөрдө Орусия Украинага каршы ири чабуулга өттү десе болот. Эгер мурда бир миң куб метр газ Киевке 50 долларга сатылып келсе, Маскөө азыр 250 доллар талап кылууда. Ар башка деңгээлде өткөрүлгөн бир нече сүйлөшүү жыйынтык берген жок жана Орусия газдын баасын түшүрүүгө такыр макул болбой жатат.

20-декабрда болсо президент Ющенко - Украинанын курамына кирген Кырым жарым аралындагы Севастопол портунда жайгашкан Орусиянын Кара деңиз флоту төлөгөн ижара баасын Киев көтөрүшү мүмкүн деп билдирди. Флот мурда жалпы советтик болчу, бирок 1991-жылы СССР чачыраганда, аны Советтер союзунун чет өлкөлөрдөгү бардык башка мүлкү менен кошо 15 жумурият ортосунда тең бөлүү идеялары айтылган. Бирок Маскөө - андай болгондо СССРдин тышкы карызын дагы бардык жумурияттар тең бөлүшүп төлөш керек деп чыккан жана жаңы эгемендүү мамлекеттер аны көтөрө албагандыктан, бардык андай мүлк Орусиянын колуна тийген, бирок бардык карызды дагы Маскөө өзү төлөйт.

Севастополдогу флот маселесин Киев мындай деңгээлге чыгарганына эксперттер ар башка баа берүүдө. Маскөөдөгү Карнеги фондунун кызматкери Николай Петровдун айтымында, ижараны көтөрүү Киевке пайда алып келбейт: "Бир жагынан алганда, Украина эгемендүүлүккө жеткенден бери өткөн 15 жыл ичинде Кара деңиз флотунун стратегиялык мааниси бир топ төмөндөп кетти. Экинчи жагынан, Киев ал маселени мурда деле көп көтөрүп келген жана андан майнап чыккан эмес, ошондуктан бул маселе - 1990-жылдардын башындагыдай мааниге азыр ээ эмес", - дейт Петров.

Ал эми Маскөөдөгү Саясий технологиялар борборунун эксперти Татьяна Становаянын пикиринде, флот маселеси - таза психологиялык нерсе: "Бул маселеде психологиялык зыян өтө маанилүү. Эгер орусиялык флот Севастополдон чыгарылып кетсе, ал Маскөөнүн жалпы кадырына жана анын тышкы саясатына тийген катуу сокку болот, президент Путиндин жалпы саясаты бир топ зыянга учурайт", - дейт Становая.

Ижара үчүн Орусия азыр жылына 98 миллион доллар төлөйт. Андан тышкары Украинада өндүрүлгөн "Антей" деген жүк ташуучу ири учактар, баллистикалык ракеталар, турбиналар жана аларга керектүү шаймандар дагы Орусияга сатылат. Өлкөнүн Михачево жана Севастопол шаарларындагы радар станциялары дагы Орусия үчүн иштейт. Ошондуктан, эки өлкө ортосундагы сүйлөшүү дагы аяктай элек.

XS
SM
MD
LG