Британиянын "Би-би-си" жана Алманияын "Дойче велле" үналгылары кечээ күнү билдиргенге караганда, Орусия бийлиги алардын программаларын өз аймагында токтотушу мүмкүн. "Би-би-синин" Маскөөдөгү өкүлү Константин Эггерттин айтымында, үналгынын программаларын Орусия аймагында обого чыгарган жергиликтүү компаниянын лицензиясы узартылган жок. "Дойче велленин" баш редактору Мөдгард Соричтин айтымында, аларга каршы дагы ошондой эле аракеттер көрүлүүдө. Алманиянын Тышкы иштер министрлиги азыр орус жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.