Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Ирактын мурдагы президенти америкалык жетекчилерди калпычылар деп атады


Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге каршы Багдад шаарында өтүп жаткан сотто Саддам кечээ күнү америкалык жетекчилерди калпычылар деп атады. Анын алдында Саддам сотко - ал жана башка күнөөлөнгөн адамдар абакта сабалганы тууралуу билдирген, бирок АКШ өкмөтү андай маалыматты жокко чыгарган. Мурдагы президенттин айтымында, Вашингтон жөн гана калп айтууда: "Ак үй калп айтып жатат. Алар улам жаңы калп айтууда, алар жөн гана калпычылар. Америкалыктар дүйнөдөгү эң биринчи калпычылар, аны бүткүл дүйнө билет - алар Иракта кеңири кыруучу курал бар болгон деп айткан, биздин өкмөт эл аралык террорчуларды колдойт деп билдирген, бирок ага бир дагы далил табылган жок", - деди Саддам. Октябрдан бери бир нече үзгүлтүк менен уланып келаткан сот кечээ күнү 24-январга чейин токтотулду. Саддам жана дагы жети адам - көптөгөн Ирак жарандарын кырганы үчүн соттолууда.

XS
SM
MD
LG