Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

"ГАЗПРОМ" УКРАИНАНЫ КӨГҮЛТҮР ОТСУЗ КАЛТЫРУУГА ДАЯР


Жаңы жылга саналуу эле күн калганы менен Орусия жана Украина келерки жыл үчүн көгүлтүр оттун баасын макулдаша элек. "Газпромдун" өкүлүнүн жума күнкү билдирүүсүнө караганда, алар 31 –декабрдан кийин Украинага газ берүүнү токтотууга даяр жана 23-декабрда бул максатта атайын машыгуу иш чарасы өткөрүлдү. Мурдарак украин өкмөт башчысы Юрий Ехануров тараптар эгер мунаса таба албаса, Киев эл аралык арбитраждык сотко кайрылышы мүмкүн экенин ишара кылган болчу. Москва азырынча буга жооп бере элек.

Түркмөнстандан да газ келгенине карабай, иш жүзүндө орусиялык көгүлтүр отко көз каранды Украина орусиялык газды өз аймагындагы куурлар аркылуу Батыш Европага өткөрүп, мунун ордуна ар бир 1000 кубометрин 50 доллардан алчу. Орусия эми келерки жыл үчүн наркты дароо эле төрт эседен ашуунга көтөрүп, ар бир 1000 кубометр үчүн 220-230долларга чейин талап кылууда.

Украин президенти Виктор Ющенко Киевде апта башындагы пресс- конференциясында мындай баа каяктан чыкканы түшүнүксүз экенин айткан болчу:

Украина баа түзүү концепциясын билүүнү каалайт. Мен "Газпромдун" өкүлдөрүнүн келерки жылга ар бир миң кубометрине 220 же 230 доллар болот деген билдирүүсүн комментарийлей албайм. Эмне үчүн 500 же 700 доллар эмес? Мында саясий диалогко негиз жок. 1-январдан тарта ушул бааны киргизүүгө мүмкүн деп жаткан адамдарды мен кесипкөйлөр деп айта албайм. Алар маселенин саясий жана экономикалык жагын түшүнбөгөндөр. Бул саясий байоолук.

"Газпромдун" өкүлдөрү болсо баанын көтөрүлүшүн дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөр менен байланыштырууда.

Апта башында премьер- министрлер деңгээлинде өткөн сүйлөшүүлөрдө да тараптар мунасага жете алган жок. Украин өкмөт башчысы Юрий Ехануров болсо Москвадан Киевге баргандын эртеси Москва газ боюнча эки ортодогу макулдашууну бузбасын, талаштар Стокгольмдагы арбитраждык сотто чечилиш керектигине токтолду. Мунун кандай укуктук негизи бар?

Киевдин ырастоосунда, Украинанын "Нафтогаз" компаниясынын "Газпром" менен коммерциялык келишими 2009 –жылга чейин эсептелген. Ага ылайык, орусиялык газды Украина аркылуу транзиттөөнүн акысы ирээтинде 1000 кубометри үчүн дал ошол 50 доллардан алып турушмак.Орусиялык тарап 1000 кубометр газды ар бир 100 чакырымга транзиттөө үчүн 1,09 доллардан төлөмөк.

Ал эми Москва башкача пикирде. Орусия жана Украина ортосундагы өкмөттөр аралык келишимге ылайык, ошол баа менен тарифтер жыл сайын өкмөттөр аралык протоколдо аныкталып туруш керек. Украиналык адвокаттар андай протоколодор буга чейин кабыл алынып келингени менен парламентте ратификацияланбагандыктан укукту күчү жок деп эсептешет.

Айтор Орусиянын саясатчылары менен "Газпромдун" жетекчилери ачырынча украин өкмөт башчысынын тараптар газ талашын Швециядагы арбитражда чечиши мүмкүн экендиги жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп беришкен жок.

Мунун бир себеби Москва анын аргументтери арбитрлерди өзү тарапка ынандыргыдай бекемдигине ишене албагандыгында жатышы мүмкүн.

Анткени Москвадагы чечим кабыл алуучулар Украина менен азыркы газ чатагын эл аралык арбитражда каралуучу коммерциялык талаш эмес, Украинанын былтыркы саргылт ыңкылаптан кийинки өкмөтүнө жаңы жылдагы чечүүчү парламенттик шайолоону утурлпай көргөзүлүүчү саясий кысым сыяктуу карагандай. Эгер мындай болсо, талашта мунасанын табылышы Москва менен Киевдин саясий чечимине гана көз каранды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG