Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 04:48

Ноокен соту аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды


ЖАЛАЛАБАТ. Ноокен районундагы Маасы айыл өкмөт башчылыгына талапкер болгон 3 адам атаандашы Адылжан Мамытовду үгүт-насыят иштерине жана шайлоо күнү мыйзам бузууларды жасаган деп сотко беришкен. Үч күн жүргөн соттук териштирүүдө арызда көрсөтүлгөндөй 18-декабрда шайлоо участкасында Адылжан Мамытовдун уулу менен аялына экиден бюллетень берилген эмес. Талапкердин шайлоочуларга акча тараткандыгы жөнүндөгү доо да күбөлөрдүн ырастоосу менен аныкталган жок. Ошол себептен Ноокен райондук соту Адылжан Мамытовдун өз атаандаштарынан ашыкча 220 добуш жыйноо менен Маасы айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгын туура деп тапты. Мындай маалымат 24-декабрда облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымовдон алынды.

XS
SM
MD
LG