Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:15

Курултай кызматка алынбасын деген чиновниктердин тизмеси жарыяланды


БИШКЕК. 24-декабрда өткөн алтынчы элдик курултай Аскар Акаев менен учурунда тыгыз иштешкен, бирок азыр да мамлекеттик кызматта отурган айрым адамдар бийликтен кетиши керек деп эсептейт. Курултайда Аскар Акаевдин тушунда иштеген 45 адамдын тизмеси түзүлүп, алар учурда мамлекеттик кызматка алынбашы керек деген чечим кабыл алынды. Бул тизмеге Улуттук коопсуздук кызматын жетектеген Таштемир Айтбаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Мамлекттик мүлк комитетин жетектеген Турсун Турдумамбетов, Ош облуснуну губернатору Адам Закиров, ички иштер министри Мурат Суталинов, башкы прокурор Камбараалы Конгантиев, вице-премьер министр Медетбек Керимкулов, Орусиядагы элчи Апас Жумагулов жана азыр мамлекеттик кызматта иштебеген да адамдар бар. Элдик курултай бул кабыл алынган чечимдерди көзмөлдөөгө ала турган палата түзүп, анын жетекчилигине Алевтина Проненкону дайындады.

XS
SM
MD
LG