Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Э. Бөлөкбаев: “Бир кландын ордуна башка клан орноду”


БИШКЕК. 24-мартка чейин бийликте отурган бир кландын ордуна башка клан келип орноду. Мындай пикирин Жашылдар саясий партиясынын жетекчиси экс-депутат Эркин Бөлөкбаев алтынчы элдик курултайда билдирди. Ал буга карата паспорт чатагын мисал кылат. “Аскар Акаев башында турган бийлик молдовалык “Регистру” компаниясына парспорт маселесин тапшыруу менен мамлекеттик казынадан 52 миллион еврону уурдагысы келген болсо, азыркы бийлик да ошол жолго түштү”, дейт Эркин Бөлөкбаев. 24-марттан кийин аталган компания менен келишим бузулуп, кореялык компания менен кайра келишим түзүлгөн. Бирок өткөн аптада кайрадан молдовалык “Регистру” компаниясына кыргыз паспортторун чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилди. Технология жана ресурстар улуттук агенттиги муну кореялыктардын сүйлөшүлгөн мөөнөттө ишти аткара албагандыгы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG