Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ ДЕҢИЗ КАПСАЛАҢЫ ЖАШООНУ ТОКТОТО АЛБАДЫ


26-декабрда Түштүк Чыгыш Азияны алааматка салган табигый кырсыкка бир жыл болот. Толкуп кирген цунами 230 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Жүз миңдеген адамдар там-жайы, мүлк-дүйнөсүнөн ажыраган. Албуут толкундардан жабыркаган аймактардын айрымдары али мурдакы калыбына келе элек. Бирок капсалаңдан аман калган адамдар тукум улап, там салышып, тирилигин улантышууда.

12 мамлеккетти бүлүккө салган Инди океанындагы капсалаң 24 саат аралыгында 230 миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмап, 2 миллиондой адамды үй-жайсыз калтырып, жер котортту. Толкун 430 миң үйдү сыймап, 100 миңден ашуун балык уулоочу кеме-кайыктарды талкалап салды.

Индонезиянын Асех жана Нияз провинцияларында алиге 100 миңден көп адам ит чыдагыс шартта эптеп күн көрүшүүдө. Индиянын түштүк жээгиндеги ачык асман астында казан калдыраткан лагерде камсыз балдардын үндөрү жаңырат.

Апаатта тирүү калган адамдар барына каниет кылышып, келечек муунду өстүрүүнүн камында. Балыкчы аял Гита капсалаңда 2 кызын жоготкон. Азыр беш айлык боюнда бар:

- Мен бактылуумун. Аман-эсен көз жарып алсам, өзүмдү абдан бактылуу адаммын деп сезем. Биз кырсык алган эки кызыбызды эч качан унутпашыбыз керек. Коңшуларыбыз күйүтүбүздү жеңилдетүүгө жардамдашып жатышат. Кыз төрөсөм, ага кырсык алып кеткен эжелеринин биринин ысмын беребиз.

Гитанын күйөөсү Башкаран да аялым аман-эсен көз жарып алса экен деп, тынчы кетип жүрөт:

- Биз тумардай аздектеп сүйүп өстүргөн кыздарыбызды жоготкондо чоң өксүккө баттык. Анүчүн наристе төрөлмөйүнчө, той өткөрүүнү каалабайбыз.

Гитанын коңшусу Ананди былтыркы цунамиде үч уулун алдырган. Азыр күндөп-түндөп кудайга жалбарып, жараткан тилегенимди берет деген аруу үмүттө:

- Жети айлык боюмда бар кезде, чара жоктон операцияга жаттым. Гитаны көрүп, балалуу болом деген тилегимди таштай албайм.

Индияга коңшулаш Шри Ланкада иш жайлары кыйраган адамдардын 80 проценти мурдакы жумушун кайра улантууда. 41 аралда бузулган 52 мейманкана оңдолуп, конокторду кабыл алууда.

Бир жыл мурдакы апаатта айоосуз бүлүнгөн Индонезияда оңдолот же кайра курулат деп пландаштырылган 100 миң үйдүн 25 процентке жакыны пайдаланууга берилген. Бул иштер үчүн Улуттар Уюму кыйраканадан кийинки бир айда байдөөлөт өлкөлөрдөн 977 миллион доллар чогулткан. Уюмдун маалыматы боюнча, тыш өлкөлөр бардыгы 13, 5 миллиард доллардан көп жардам убада кылышкан болсо, азыр алардын теңинен көбү иштетилүүдө.

XS
SM
MD
LG