Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:59

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АЯЛДАР ЖАНА БИЙЛИК


Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык. Бул лакап Борбор Азиядагы аялдарга карата жалпы мамилеге көркөм иллюстрация боло алат. Эскичил түшүнүктөр менен катар, аялдардын тартынчаактыгы, өзүнө болгон пайда алып келе турган таризде жашап, эмгектенишине бөгөт болуп келет.

Советтик бийликтин Борбор Азиядагы зор жетишкендиктеринин бири билим алуудагы теңдикти камсыз кылгандыгы болгон эле. Себеби коммунисттер билимдүү адамдар өздөрүнө да, башкаларга да пайдалуу өмүр сүрө алат деп эсептешкен жана кыздардын билим алышына бардык шарттарды түзүп беришкен. Бирок бүгүн айрым өлкөлөрдө кыздардын арасындагы сабатсыздык кайра пайда болуп, ажырым улам өсүп барат.

Бириккен Улуттардын Өнүктүрүү Программасынын 2005-жылдагы докладында айтылгандай, Кыргызстанда, Казакстанда жана Түркмөнстанда келерки 10 жыл ичинде башталгыч жана орто мектептерде гендерлик теңдик сакталып калат болуш керек, бирок Тажисктан менен Өзбекстанда мектепке барган кыздардын азайып баратышын токтотуу кыйын болот.

Саясатка келсек, аялдары паранжа жамынбаганы менен сыймыктанган Кыргызстанда бүгүн аткаруу бийлигин да, мыйзам чыгаруучулукту да толугу менен берки жыныстын гана өкүлдөрү башкарып калды. Өзбекстанда 30 пайыздык квота киргизилген, бирок бул өлкөдө, советтик доордогудай, парламент да, андагы аялдар да көрсөтмө үчүн гана бар. Бул тууралуу өзбекстандык укук коргоочу Марфуа Тохтаходжаева айтат:

- Өзбек өкмөтү аялдарга каршы дискриминациянын бардык түрлөрүн жою тууралуу эл аралык конвенцияга кол койгон, квота ошондуктан киргизилген. Өкмөт эл аралык коомчулукка: "мына көрдүңөрбү, биз аялдардын укуктарын коргойбуз, карагыла парламентте канча аял бар", деп айткысы келет. Бирок шайлоочулардын көбү ал аялдарды да, парламенттин өзүн да кадырлабайт.

Пост-советтик доордогу улутчулдуктун өсүшү жана мусулманчылыктын күч алышы да өз таарисин тийгизди. Исламчылар адатта бир ооздон Исламда аялдар менен эркектердин теңдиги камсыздалган деп ырасташат. Алардын бири - Ташкендик шейх Мохаммад Содик Мухамад:

- Курандын эң узун сүрөлөрүнүн бири "Аял" деп аталат. Ал жана башка сүрөлөрдө Аллах аялдар эркектер менен тең деп айтат. Кайсы бир мерчемде, аялдар эркектерден да жогору, жана аялдар бардык адам укуктарына ээ. Биздин Мухаммед пайгамбар да аялдардын улуулугун айтып, аларды урматтаарын иш жүзүндө көрсөткөн.

Исламда чынында да аялдардын эне жана жубай катары ролдоруна чоң маани берилет. Ошол эле убакта, алардын окуп, окубасын, кандай кесип ага ылайыктуу экендигин, көчөгө чыгаар чыкпасын, кандай узундуктагы көйнөк кийээринен өйдө эркек молдолордун көрсөтмөсү, ошолор жазган мыйзамдардын негизинде аныкталат. Айтор, аймактагы аялдарга эркектерден да, молдолордон да жардам аз.

Ооганстанда жаңы бийликтин тушунда аялдар парламенттеги орундардын 25 пайызына ээ болушту. Бул квота системасын колдобогондорго жаккан жок болуш керек. Ошол эле убакта, Ооганстанда, коңшулаш Иранга жетпесе да, аялдардын арасында саясий жана коомдук аң-сезим бир топ жогору. Буга сентябрдагы президенттик шайлоого аял шайлоочулардын массалык катышкандыгы да күбө.

XS
SM
MD
LG