Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Президент Курманбек Бакиев жардыруунун себептерин дыкат иликтөөнү күч структураларына тапшырды


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Ош облустук мамлекеттик администрациясы жайгашкан имараттагы ишембидеги жардырууну дыкат иликтөөнү тиешелүү күч структураларына тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев 25-декабрда “Азаттыкка” билдирди.

-Оштогу окуя боюнча мамлекет башчысына тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилери докладын билдиришти. Бул боюнча президент укук коргоо органдарынын жетекчилерине так изилдөө жүргүзүүнү тапшырды. Кечээ ал жерде Коргоо министрлигинин жардыруу кызматынын техниктери иштеп, бүгүн Улуттук коопсуздук кызматтын жардыргыч заттар боюнча адистери иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин бул окуяга байланыштуу так маалыматтар берилет.

Эскерте кетүүчү жагдай, 24-декабрда саат 14төн 45 минута өткөндө Ош облустук мамлекеттик администрациясынын биринчи кабатында жайгашкан Саясий агартуу имаратынын буфетинде катуу жардыруу болгон. Анын кесепетинен имараттын бир катар терезелеринин айнектери сынган. Алынган маалыматтарга караганда жардыруудан жабыркагандар жок.

XS
SM
MD
LG