Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

ЧЕТ ЖЕРДЕГИ МИГРАНТТАРГА КОЛДОО


Азиза Турдуева, Бишкек Өткөн аптада Орусиянын Мамлекеттик Думасы «Эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо боюнча Кыргызстан менен Орусия ортосунда кабыл алынган протоколду» ратификациялады. Кыргызстандын саясатчыларынын пикиринде аталган протоколдун ишке ашырылышы Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын укуктук абалын жакшыртууга чоң өбөлгө болмокчу.

23-декабрда Орусия Мамлекеттик Думасы тарабынан ратификацияланган «Эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо боюнча Кыргызстан менен Орусия ортосунда кабыл алынган протоколдо» Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын укуктук абалын жакшыртуу каралган. Ага ылайык Кыргызстандын жарандарын жумушка алууну каалаган орусиялык ишканаларга бир топ жеңилдиктер да берилет. Бул протокол 2003-жылы Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан иштелип чыккан жана Жогорку Кеңеште ал өткөн жылы ратификацияланган. Жогорку Кеңештин депутаты, Миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабеков белгилегендей, Мамлекеттик Дума ратификациялаган бул документ ал жакта иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча алгачкы кадам болуп эсептелет:


- Бул протокол көп мезгилден бери Мамлекеттик Дума тарабынан ратификацияланбай жатты. Бирок, эми болсо да ратификацияланышы биздин эмгек мигранттары үчүн өтө жакшы болду. Бул протоколдо негизинен Орусиядагы кыргыз мигранттарынын укуктук абалын жакшыртуу, алардын каттоо, жумушка орношуу маселелери каралган. Бул биздин эмгек мигранттарыбыздын укуктарын коргоо боюнчп алгачкы гана кадам болуп эсептелет , -дейт Кубанычбек Исабеков.


Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Мамлекеттик Дума тарабынан кыргыз эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча протоколдун ратификацияланышы бир жагынан учурда Москванын КМШ өлкөлөрүнө карата жүргүзүп жаткан саясатынын алагында болду:

- Эми соңку учурда орусиялык саясатчылардын мурдагы Союзга кирген республикаларды жакындатууга болгон кандайдыр бир аракеттери байкалып жатат. Мамлекеттик Думанын кыргыз эмгек мигранттарына байланыштуу протоколду ратификациялаганы да бир четинен ушундай саясатка байланыштуу болду дейм. Негизинен, бул протоколдун ишке кириши чоң жетишкендик. Анткени, учурда Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын абалы өтө эле оор. Алардын укуктары тебеленип-тепселенип келет .

Орозбек Дүйшеевдин пикирин улай, көп жылдардан бери Орусияда эмгектенип, жакындарын багып жүргөн Ош облусунун тургуну Каныбек Исмаилов Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын абалы чындыгында өтө оор экендигине мындайча токтолду:

-Мен 1996-жылдан бери Орусияда иштейм. Ал жерде бизге каттоого туруу, жумушка орношуу өтө чоң кыйынчылыктарды түзөт. Бирок, айла жок, ошондой шарттарда иштөөгө аргасызбыз. Кээ бирде айлап иштетип алышып, акча бербей койгон учурлар да болот. Ошондуктан, биздин укуктарыбызды коргогон мыйзамдар иштесе, ал жакта жүргөн миңдеген кыргыздарга жардам болор эле. Анткени, Орусияда кыргыздар кор болуп иштеп жүрүшөт .


Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Жогорку Кеңеште кабыл алынган Миграция жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Орусия менен Казакстандын жарандарына Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жашоого уруксат берилди. Ошондуктан, мындан ары Жогорку Кеңеш да Орусиянын парламентинен Кыргызстандын жарандары үчүн да үшундай шарттар каралган мыйзамды кабыл алууну талап кылуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзмөкчү. Бул жөнүндө Кыргыз парламентинин Миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабеков:

- Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртуу боюнча биздин экинчи кадамыбыз - ал жактагы биздин жарандарга да каттоосуз 90 күн жүрүүгө уруксат берүүгө болгон талапка байланыштуу болот. Биз бул боюнча аракеттерди көрөбүз .

Жогорку Кеңештен алынган маалымат боюнча парламенттер аралык байланыштар боюнча комиссия кийинки жылдын жаз айларында Кыргызстанда
эмгек мигранттарынын маселелерине арналган экинчи конференцияны өткөрүүнү көздөп жатат. Анда миграция боюнча эларалык конвенциянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Эксперттер белгилешкендей, Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө, андагы калкка социалдык жактан жардам көрсөтүүдө кошкон салымы зор. Маалыматтарга караганда, өткөн жылы Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынан Кыргыстанга 160 млн АКШ доллар бир гана «Вестерн-Юнион» акча которуу жолу менен түшкөн. Быйыл 6 айдын ичинде 124 млн доллар которулду.

XS
SM
MD
LG