Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

БҮГҮН АЗИЯДАГЫ ЦУНАМИНИН ЖЫЛДЫГЫ


26-декабрь күнү Түштүк Азияда 230 миңдей кишинин өмүрүн жалмаган океан ташкыны – цунамиге бир жыл толду. Былтыркы алааматтан жабыр тарткан миллиондонгон адамдар өз жашоосун калыбына келтириш үчүн күрөшүн улантууда. Далай кишилер үчүн цунами орду толгус жоготуулар алып келди.

Былтыр 26-декабрь күнү Инди океаны бууракандап, жээкти каптай баштаганда алгач маалымат каражаттарында бир нече киши өлгөнү тууралуу кабарлар тараган. Тилсиз жоонун чабуулу токтобой, океан толкуну улам бир айыл, курортторду, туристтик жана башка жайларды жалмай баштаганда бул окуяларга радио жана теле аркылуу көз салган дүйнө коомчулугу сестене түштү.

Акыры цунамиден 231 127 киши каза таап, дайынсыз жоголгону такталып, Түштүк Азиядагы алаамат адамзат тарыхына эң кайгылуу жаратылыш кырсыгы катары кирип калды. Ал эми цунамиден тирүү калып, жакындарын, үй-мүлкүн, жакындарын, тааныш-досторун, үмүтүн жоготкон дагы миллиондогон кишилердин жашоосу кандай? Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Таиланддагы өкүлү Хакан Бьоркман адамдар океан ташкынынын кесепеттерин алигиче тартып жатышканын айтат.

- Бул жактагы элдин цунамиден алган жаракаты айыга элек, дагы далай убакыт өтүш керек ко. Туугандарын, жакындарын жоготкон адамдар менен азыр сүйлөшсөң да кырсыкты жаңыдан баштан кечиргендей оор абалда болушат.

Индиянын улуттук психологиялык институтунун изилдөөсү цунами каптаган чөлкөмдүн жашоочуларынын 90%ы оор психологиялык сокку алганын, алардын 40%ы дагы эле нервге байланыштуу дарттардан жапа чегип келатканын көргөзгөн. Шри-Ланкадагы изилдөөлөр былтыркы алааматтан кийин эркектер жана өспүрүмдөр арасында аракечтик көбөйүп, жумушун, окуусун таштап, кайдыгер жашоого өткөндөрдүн саны өскөнүн маалымдайт.

13 өлкөнүн жээктерин жалмаган цунами 1 млн. 800 миңдей кишини үй-жайсыз калтырган, алардын аз гана бөлүгү бир жыл ичинде туруктуу баш калкалаар жайга ээ болду, калгандары убактылуу мекеме-жайларда жашоо улантууда. Былтыркы океан ташкынынан каза тапкандардын көбү аялдар болду, кантсе да эркектердин көбү тышта эле, анын үстүнө тилсиз жоо менен кармашта алсыздар көбүрөөк жапа чеккени табигый көрүнүш болду.

Түштүк Азияда болуп көрбөгөндөй цунамиден жабыр тарткан аймактарга эл аралык коомчулук 11 жарым млрд. доллардай жардам чогултуп жөнөттү – бир да жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен чөлкөм мынчалык боорукердикке бөлөнгөн эмес. Улуттар уюмунун Шри Ланкадагы өкүлү Самарасинха каражатты бөлүштүрүүдөн келип чыккан көйгөйлөргө токтолот.

- Цунамиден жабыр тарткандарга көрсөтүлгөн жардам ошол алааматтан үй-жайсыз калгандар арасында бөлүштүрүлүп жатты. Шри-Ланкада ондогон жылдардан берки куралдуу кагылыштардан үй-жайсыз калган адамдар көп, алар четте калышты. Ошентип коомдо тымызын эрегиш күч алып, цунамиден кийин жардам алгандарды алар “алтын толкундун балдары” атап калышты.

Шри Ланкада антип, цунамиден кийин түшкөн акча-каражатты бөлүштүрүү коомдук эрегиш жаратса, Таиландда үй курууга жер бөлүштүрүү жараяны далай талаш-тартыштарга алып келди. Таиланддын бийликтери былтыркы цунаминин кесепетинен өлкөнүн эң башкы киреше булагы – туризм тармагы 1 млрд. доллардай зыян тартканын билдиришти.

Анткен менен, эксперттер былтыр жаңы жыл алдында катуу жер титирөөнүн, ага удаа каптаган океан ташкынынын чордонуна айланган Индонезиянын Асех провинциясы ушу тапта курулуш токтобой, күндөн-күнгө өзгөрүп кулпуруп бараткан аймакка айланганын айтышат. 110 миңдей турак жай заматта океан капшабы менен жуулуп жок болгон бул чөлкөмдө азыр курулуш тармагында 200 миңдей жаңы жумуш орду ачылып, жергиликтүү элдин жашоосу акырындап өз нугуна кире баштаган кез.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG