Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Орусия Украинага газ берүүнү токтотууга камданууда.


Орусиялык “Газпром” ишканасы көгүлтүр отундун баасы боюнча орток пикир табылбаса, 1-январдан тарта Украинага газ берүүнү токтотоорун кайталады. “Газпром” Украинага жаңы жылдан тарта жаратылыш газынын 1 миң кубметринин баасын азыркы 50 доллардан 230 долларга чейин көтөрүүнү көздөп жатат. Украинанын жетекчилери муну менен Москва Киевдин Батышчыл саясатына нааразычылыгын билдирип жатканын айтышат. “Газпромдун” экспорттук бөлүм башчысы Александр Медведев эгерде Украина Батышка бараткан орусиялык куурлардан газды өзү тарапка бурса, Эл аралык арбитраждык сотко кайрылабыз деп эскертти.

XS
SM
MD
LG