Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:45

МУНАЙДЫН ЭКОНОМИКАГА ТААСИРИ КАНДАЙ БОЛОТ? 2006-ЖЫЛГА ПРОГНОЗ


Кадыр-барктуу Economist Intelligence Unit изилдөө борбору 2006-жылга экономикалык прогноз жасады. Лондондук институттун эсебинче, келерки жылы Азербайжан, Грузия, Түркмөнстан жана Казакстан азыркы “таскагын жазбайт”. Кыргызстандын экономикасы 4 процентке өсөт. Бирок, КМШ өлкөлөрүнүн өсүү ырааты басаңдайт. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө ички дүң продукция 1 проценттин тегерегинде өсөт. Эксперттер мунайдын баасы азыркыдан ылдыйлабаса, дүйнөлүк экономикага жана кара май өндүрүүчү өлкөлөрдүн өзүнө залал келтирет деп боолгошот.

Economist Intelligence Unit борбору 2006-жылы постсоветтик мейкиндиктеги мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн экономикасы “бөрү желишин жазбайт” деп болжойт. Мисалы, Казакстан менен Түркмөнстандын ички дүң продукциясы 9 процентке, Грузияныкы –10 жана Азербайжандыкы-25 процентке өсөт. Борбордун эксперти Дафне Тер-Закарьяндын айтымында:-Казакстан менен Азербайжан негизчи сүрөөнчүлөр. Кытай кууру Казакстандын азыркыдай Россиянын көзүн карабай, тышка өз алдынча мунай чыгаруусу үчүн абдан маанилүү. Грузия Баку-Жейхан куурунан пайда көрүүдө. Өлкө азырынча мунайга көз каранды.


Кыргызстандын экономикасы 2006-жылы 4 проценттин тегерегинде өсөт деп күтүлүүдө. Ал эми жаңы пайдаланууга берилчү Жер Үй жана Талды Булак алтын кендеринин таасири чектелүү эле болот.
- Азыр биз Кыргызстандын экономикасы –быйылкы жай өсүү ыраатына байланыштуу- келерки жылы 4 процент чамалуу өсөт деп боолгоп жатабыз. Эки алтын кени ишке кирсе, алтын өндүрүшү бир аз көбөйөт,- дейт Лондондук институттун талдоочусу Анна Уолькер.


Эксперттердин пикиринче, мунайдын наркы азыркыдай “ай чапчып” тура берсе, андан кара май экспорттоочу өлкөлөр менен катар аны керектөөчү өлкөлөр да зыян тартаары шексиз. Баа керектөөнү кыскартып, экономикалык өсүш жайлай баштайт. Мунун өзү мунай импорттоочу өлкөлөрдө инфляцияны күчөтүп, монетардык саясатты катаалдантууга түртүшү мүмкүн.

Британиянын Уорвик университетинин эксперти, профессор Андрю Освальддын сөзүнө караганда ар бир экономист мунайдын кымбат баасы керектөөнү кыскартып, ал барып рынокко таасир этээрин жакшы билет. Тарыхый жактан алганда, мунайдын наркы азыркы замандын экономикасына залака кылган далилдер жетерлик. Бул эсте тутчу маанилүү жагдай.

Мунайдан түшкөн арзан киреше демейде жаңы жумуш орундарын түзүүгө кызыктырбайт да, акыр соңунда жумушсуздуктун көбөйүшүнө өбөлгө болот.

Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун эксперттери келерки жылы дүйнөлүк экономикага тескери таасир этчү эки жагдайга көңүл бурушат. Тер-Закарьяндын боолгошунча, Кытайга тышкы инветиция мурдакыдай келбей калса, экономика “күүлөнө өсүп”, күйүккөнүн токтот. Бул ички керектөө ылдам өсүп бараткан шартта, экспортту азайтышы ыктымал.
Куш тумоосу ооздукталбаса, ал да дүйнөлүк экономикага олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG