Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

АДАМЗАТТЫН ТАРЫХЫНДАГЫ ИРИ ТАБИГЫЙ КЫРСЫККА 1 ЖЫЛ БОЛДУ


Түштүк Чыгыш Азиядагы ири табигый кырсыкка бүгүн 1 жыл болду. Инди океанынын боюндагы өлкөлөрдүн эли каза тапкан 200 миңден ашуун кишини эскерүүдө.

2004-жылдын 26-декабрында Инди океанында 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал жараткан толкун жээкти каптап, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган. Ал күнү жергиликтүү тургундардан тышкары белгилүү курорттордо эс алып жүргөн жүздөгөн чет элдик туристтер да ажал тапкан.

Цунамиден өзгөчө Индонезия жабыркады. Ал жерде 168 миңдей киши каза болгон. Бүгүн өлкөнүн президенти Сушило Бамбанг Йодхионо эң көп жоготууларга учураган Ачех провинциясына барып, кайгылуу окуянын 1 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.
Президент өкмөт элдин турмушун калыбына келтирүүгө бар аракетин жумшайт деп убада кылды:

Биз Ачех жана Нияс чөлкөмдөрүн кайра курабыз, аларды мурдагыдан да жакшы кылабыз. Бул үчүн биздин күч кубатыбыз жетиштүү. 2006-жылды ишеним жана үмүт менен тосуп жатабыз, - деди Индонезиянын мамлекет башчысы.

Таиландда ташкын суу 5 миңдей кишинин өмүрүн кыйган. Туризм министри Праха Малиинонт Пхукет аралында өткөн эскерүү митингисине катышып, былтыркы цунами адамзаттын тарыхындагы эң кайгылуу алаамат болуп калды деп белгиледи:

Бул жерде чогулган эл үчүн бул кайгылуу учур жөн гана тарыхтын дагы бир барагы эмес. Биз үчүн бул эсибизде түбөлүккө кала турган окуя болуп калды. Себеби көпчүлүк, таиланддыктар же чет өлкөлүк конокторубуз болобу, жакындарын жоготушкан.

Алааматтан жапа чеккен дагы бир өлкөдө, Шри Ланкада президент Махинда Райяпакса Галле шаарынын жанында өткөн эскерүүгө катышты.
Так ушул жерде туура бир жыл илгери жүргүнчү поезд толкундун астында калып, 1 миңден ашуун киши каза болгон.
Бардыгы болуп Шри Ланкада 35 миңден ашык адам өмүрү менен кош айтышкан же дайынсыз жоголгон. Алардын 40 процентидейи жаш балдар.
Бүгүн өлкө калкы аларды эскерип, 2 мүнөт аза күттү.

Цунаминин айынан Түштүк чыгыш Азия аймагында 2 миллионго жакын киши жер которууга мажбур болду, 1 жарым миллионго чукул киши үй-жайларынан ажырады.
Кырсыктын материалдык чыгымы 10 миллиард долларга жетет.

Ири толкунду жараткан зилзала 8 мүнөткө гана созулуптур, бирок анын кесепеттери миллиондогон адамдардын тагдырларында кайгылуу из калтырып, дагы көпкө сезилмекчи.

XS
SM
MD
LG