БАТКЕН. Үч күндөн бери Өзбекстандын Бөкө району, Тажикстандын Мачим району менен чектешкен жердеги Айбек чегара бекетинде Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынан Мекеге зыярат кылыш үчүн жөнөшкөн 2 жарым миңге жакын жүргүнчүсү менен 60 автобус кармалып турат. Мындай маалымат Баткен облустук акимчилигинен 26-декабрь күнү алынды. Зыяратчыларга жык толгон унаалар өзбек чегарасында кармалып турган автобустардын катарына улам барып кошулууда. Ал эми быйыл Баткен облусунан баш-аягы болуп төрт жүздөн ашуун атуул зыярат кылганы жөнөп кетишкен.
Аба ырайы тууралуу маалымат
БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 27-декабрда Ысыккөл, Нарын облустарында кар жаашы күтүлбөйт. Калган аймактардын айрым жерлеринде күндүз жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +7...+12 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +6...+11 градус жылуу.
Баткен, Жалалабат, Ош чөлкөмдөрү боюнча түнкүсүн 0...+5 градуска ал эми күндүз +7...+12 градуска чейин жылуу болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...-6 градуска чейин суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
Бийик тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градус суук.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыш тараптан сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0...+2 градус, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.
Кыргызстандагы соңку жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчылар даярдашты.
Редактору Кубат Чекиров