БИШКЕК. Кыргызстан менен Россия Россиянын аба-аскерий базасынын Кыргызстанда узак мөөнөттө болушуна жана Кант аба-майданын коммерциялык максатка колдонбоого кызыкдар. Бул маселе 21-23-декабрда аскерий өкүлдөрдүн Бишкек жолугушуусунда талкууланды. Жолугушууга Россиядан аба-аскерий күчтөрдүн башкы командачысынын орун басары Анатолий Ноговицин, Кыргызстан тараптан коргоо министринин орун басары Кубанычбек Орузбаев баштаган аскерий кызматчылары катышты. Анда аба-аскерий транспортторду жана башка техникаларды Кыргызстан тараптын кабыл алуу жана чыгаруу, пайдалануу тартиби өңдүү бир катар маселелерди талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү маалымат таратты.