Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Жардыруу болору тууралуу эки жерде телефон чалуу катталган


БИШКЕК. 26-декабрда Кыргызстан аймагында эки жерде бомба коюлгандыгы тууралуу телефон аркылуу маалымат таратылды. Алардын бири – Бишкек шаарындагы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин тил институтунун имаратына байланыштуу эртең мененки саат 8:25те, экинчиси Ош шаарындагы Киров орто мектебинин имаратына байланыштуу саат 10:40 та таратылган. Бирок, тартип коргоо жана атайын кызматтар бул күнү аталган имараттан эч кандай жардыруучу зат табышкан эмес. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ал эми коопсуздук кызматынын маалыматына караганда. 2005-жылы 38 ушундай жалган маалымат таратылган. Өткөн жылы алардын саны 28 болгон. Эксперттердин божомолунда жардырууларга байланышкан ар бир жолку мындай жалган маалыматтар өкмөткө 70-80 миң сом чыгаша алып келет.

XS
SM
MD
LG