Орусиянын прокуратурасы бүгүн билдиргенге караганда, Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенкого каршы бардык кылмыш иштери жабылды, анктени алардын мөөнөтү өтүп кетти. Мурда Маскөө Тимошенкону коррупциядан күнөөлөп, 1990-жылдардын башында орусиялык жетекчилерге пара төлөгөн деп айыптап келген. Тимошенкону кармоо буйругун Орусия сентябрда жокко чыгарган.