Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Өзбекстан Улуттар Уюмунун тынчсыздануусу негизсиз деп эсептейт.


Ырасмий Ташкен БУУнун Анжыяндагы тополоңго байланыштуу ачылган кылмыш иштеринин адилеттигинен күмөн санаган тынчсыздануусу негизсиз деп билдирди. Өзбекстандын башкы прокуратурасынын басма сөз өкүлү Светлана Ортикова “Азаттыкка” берген маегинде соттор эл аралык талаптарга шайкеш иштеп жатат деп белгиледи. “Анжыянда террордук аракеттер орун алганында шек жок. Биз дүйнө коомчулугуна Анжыяндагы теракттар жана башка оор кылмыштар боюнча тергөө иштери мыйзам чегинде жүргөнүн айткыбыз келет. Адамдардын өлүмүнө алып келген кылмыштар катаал жазалоого туш болгону да мыйзам чегинде”, - дейт ырасмий Ташкендин өкүлү. Буга чейин Анжыяндагы кандуу окуяларга байланыштуу 150дөй киши соттолду.

XS
SM
MD
LG