Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

МИНСКТЕГИ КУРАЛЧАН АЯЗ АТА КИМДИ КОРГОЙТ?


Жаңы жыл алдында Беларустун борбору Минскте полициячылар Аяз ата болуп кийинип алып, үймө-үй кыдырып, элдин коопсуздугуна чын ыкласынан камкордугун көрсөтүү аракетинде. Узун кызыл чапан, ак сакалчан полициячыны жанында Аяз кыз болуп кийинген полициячы айым коштоп жүрөт. Полициячылардын антип оюн-зоокко аралашуусунун себеби эмнеде?

Минскидеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ар бир эшиктин коңгуроосун басып, кызыл чапан, калың ак каш, сакалчан Аяз ата болуп кийинген подполковник Петро Ребкавец кыдырып жүрөт. Эшиктин ары жагынан “бул ким?” деп сурашса, ал бирде үй эмеректерин оңдогон кадимки жумушчумун десе, кийинкисинде ар түрдүү башка кесиптин ээси боло калып, кожоюндун кийинки аракеттерин текшерет. Эгерде капыстан келген коноктун ким экенин жакшылап тактабай туруп, эшикти ачып жиберишсе, мен полиция офицеримин деп документин көргөзүп, ууру-кескиден сак болуш үчүн мындан ары келген кишинин ысымын, жөн-жайын жакшылап тактабай туруп эшикти ачпай жүргүлө деп үйрөтөт. Бирок, Минсктин көпчүлүк жашоочулары бул аялдай өз коопсуздугунун камын эртерээк ойлонот.

- Коңшулар жооп бербесе, эмне үчүн мен эшигимди ачышым керек? – деп такыган аялга подполковник Ребкавец туура кыласыз, келген киши ким, кимди издеп жүрөт, аны ким жиберген деген суроолорго жооп алмайынча ачпагыла деп кубаттап жооп кайтарат.

Минск шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү, полковник Владимир Каршаков милициянын бул акциясы – жаңы жылдык майрам күндөрү адатта көбөйүп кетчү уурулук, кылмыштын башка түрлөрүн алдын-алуу амалын көздөөрүн айтат.

- Түрдүү кылмыштуу окуялар күндө болуп жатпайбы. Адамдар эшиктин ары жагында ким турганын сурабай туруп тобокелге салып ача беришет, эгерде алар ачпай кылмышкерди алаксытып кармай турса, полиция 3-5 мүнөттүн ичинде жетип барып кармап кете алат.

Аяз ата болуп кийинген полициячылардын бул акциясы жөнүндө гезиттен окуган айрым тургундар алдын-ала даярданып, үйдөгү кичинекей балдарына жаңы жылдык ыр жаттатып, полициячылардын оюн-зоогуна аралашат.

Беларустук айрым байкоочулар полициянын карапайым элге жакындашып, камкордугун көрсөтүү аракети артында алысты мелжеген саясий максаттар жатат деген пикирде. Алардын айтымында, жазда өтө турган президенттик шайлоо алдында Беларустун бийликтери эл аралык деңгээлде автократ жетекчи атыккан Александр Лукашенконун аброюн жакшыртып, мээрман жетекчи кылып көрсөтүү ниети катылуу. Эмнеси болсо да, Минсктин көчөлөрүн ушу тапта Аяз ата менен Аяз кыз болуп кийинген куралчан полициячылар көркөмдөп турган кез.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG