27-декабрда саат 6дан 55 минута өткөндө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сейсмалогия институтунун маалыматына караганда, зилзаланын эпицентри Чүй облусуна караштуу Кемин поселогунан 15 чакырым алыстыктагы түштүк-чыгыш аймагында болгон.
Анын термелүүсү Кемин поселогунда 4 балл, Токмок, Балыкчы шаарларында 3 баллга жеткен. Алдын ала алынаган маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Аба ырайы тууралуу маалымат
БИШКЕК. Метеорология борборунан маалымдашкандай, 28-декабрдан 1-январга чейин республикада аба ырайы туруксуз болот: 28-29-декабрь күндөрү өлкөнүн айрым облустарында кар калың жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жол тайгак болот. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү электр зымдарын иштен чыгарышы, унаа кыймылын оордотушу ыктымал.
28-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...5 градус суук, күндүз 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу.
Ысыккөлдө түнкүсүн 1...6 градус суук, күндүз 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу.
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 4...9 градус суук.
Бишкекте маал-маалы менен жамгыр жаап, ал карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 0... 2 градус суук, күндүз 1 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу.
Кыргызстандагы соңку жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты.
Редактору Кубат Чекиров