Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Жалалабаддын тургуну Акыйкатчынын кызматтан кетишин талап кылууда


БИШКЕК. Жалалабад шаарынын тургуну Кушназар Камытов Кыргыз Акыйкатчысы Жогорку соттун чечимин аткарбаганына байланыштуу анын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, кызматтан кетирүүнү өтүнүп президентке, Башкы прокурорго, Юстиция министрине арыз жолдогон. Анын маалыматына караганда Акыйкатчы Камытовду негизсиз иштен бошоткон.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Кушназар Камытов Кыргыз Акыйкатчысынын Жалалабад облусундагы жетекчиси Алима Амановага кеңешчи болуп иштеп турганда бир катар акча каражаттарын мыйзамсыз жок кылгандыгына байланыштуу кызматтан алынганын билдирди. Акыйкатчы Жогорку Соттун чечимине ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан баштап Камытовду мурдагы кызматына кайра алгандыгын белгиледи. Акыйкатчынын айтымында, мындай арыздарды жаздырып, коомчулукка Акыйкатчы институнун абройуна шек келтирүүгө көрөалбас айрым адамдар жана соттор кызыкдар.

XS
SM
MD
LG