Бишкек. Кыргызстанда өлкөнүн тышкы саясий стратегиясы боюнча жаңы долбоор иштелип чыгат. Бул ишке өлкөдөгу белгилүү дипломат, саясат таануучулар жана башка окумуштуулар тартылат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» мындайча билдирди:
«Азыр биз тышкы саясатыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жаңы долбоорду иштөөгө киришип жатабыз. Тышкы саясий стратегиябызда айрым өзгөрүүлөр болот». Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын негизги тышкы саясий өнөктөш өлкөлөрү катары мурдагыдай эле Орусия, АКШ жана Кытай Эл Республикасы кала берээрин белгиледи. Министр маалымдагандай, жакында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин ишмердүүлүгү анализденип, талданып чыгат. Анын пикиринде, элчиликтердин ишин жакшыртуу үчүн аларда кызматтарынан алынып калган чиновниктер эмес, тажрыйбалуу адистер, дипломаттар иштеши керек.