Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:10

ЭКОНОМИКА: САЯСАТ АЛДЫДА … АРТТА


Март окуяларынан кийин Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү кыйла жайлап, атүгүл артка кетиши ыктымал экендиги айтыла баштаган. Кайриет, мурда белгиленген чектердин баары болбосо да кыйласы аткарылды, биртоп болжолчуларды таң калтырып чет эл инвестициясы мурдагысынан арбыныраак келди. Жаңырган жыл алдында Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү жайында кеп кылуунун оролу келип отурат.

Март ыңкылабынан көпчүлүктү кооптонткон маселе ансыз да карыздан башы чыкпай келаткан өлкөнүн экономикалык өнүгүшү токтоп, атүгүл кургуйга түшүп кетүү коркунучу бар эле. Кыргызстандын экономика жана каржы министринин кеңешчиси Любовь Тен ыңкылаптан кийин чет өлкөлөрдөн «эми эмне болот?» суроосун бергендер арбын болгонун мындайча эскерет.

- Кабатыр болгондор мага тынбай телефон чалып, Кыргызстандын экономикасы бүттү, эми кыйроо башталат деп жатышты. Бирок да биз экономиканы кескин төмөндөтпөй, макроэкономикалык туруктуулукту сактап калууга жетиштик.

Экономикалык турмуштун мына ушул табышмактуу көрүнүшүнүн себеп-жөнүн Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору Жусуп Пиримбаев негизинен өнөр жайына эмес, ички дүң продуктуга негизги орунду соода-сатык, кызмат көрсөтүүнүн басымдуулук кылганы менен түшүндүрөт.

Акыйкатта да март ыңкылабынан кийин чайлап-коолап кеткен коррупциянын тизгини азыноолак тартылып, мамлекеттик казынага салыктар өткөн жылга салыштырмалуу арбын чогултулду. Көбүнесе «Кумтөр» алтын кенине көз каранды өнөр жай өндүрүшүндө бул жылы деле кескин өнүгүү байкалган жок. Салыктын оор жүгү кызмат көрсөтүү менен сырттан товар келүүчүлөрдүн мойнуна илинди. Жаңы бийлик ишке киришкен чакта салыктардын арбыныраак чогултула башташына ыраазылыгын жашырбаган өкмөттүн 1-орунбасарынын милдетин азыраак убакыт аткарып калган Данияр Үсөнов жыл аягына чейин бюджетке кошумча 5 миллиард сом ашыкча акча чогултуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып чыккан.

Ушу тапта тек көңүл көтөрүш үчүн айтылган убада катары эсептелинип калган кошумча 5 миллиард сомду табуунун булагын издеп, салыктан кыйгап кеткен акчаларды казынага кайтаруу мүмкүнчүлүгү бар экенин Кыргызстандын экономика жана каржы министринин кеңешчиси Любовь Тен деле ырастайт. Тек ал үчүн адистер баш катырып, жакшы пайданылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрдү табуу зарыл.

- Мен азырынча аны кайдан таба аларыбызды айта албайм. Эгер бюджеттен тыш каражат табуу мүмкүнчүлүгүн пайда болсо аны иралды эксперттер менен ошол өнүгүү болуп жаткан жердеги салыктардын чогултулушун эконмиканын өнүгүшүнө байланышытырып, андан соң гана аткарыла турганын айтыш керек. Мүмкүн ал 5 миллиард эмес, мүмкүн ал 3 миллиард болушу мүмкүн. Менимче, Д.Үсөнов мырза бир жерде эң туура айтып жатат, салык чогултуунун резервдерин табуу керек, андай резервдер бар.

Оболу ачык көрүнүп турган ошондой мүмкүнчүлүктөрдүн бири энергетика тармагы. Кыргызстандын жыл бою өндүргөн 13 миллиард киловат саат электр энергиясынын кыйласы талаага кетет. Көмүскө же квазифискал таңкыстыгы катары сыпатталып келаткан коммерциялык, техникалык жоготуулардын наркы 8 миллиард сомду чапчыйт. Айрым адистердин айтымында, бул «Күрпсай» ГЭСинин бир жыл ичинде иштеп чыккан электр энергиясынын баасы, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн тең жарымын түзчү акча. Өкмөт башчы Феликс Кулов бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүүдөн башка амал калбай калганын, ошондо гана тармак кризистен чыгат деген ишенимде:
- Чогултулбай калган акчалар республика бюджетинин тең жарымына жакын акчаны түзөт. 8 миллиард сом. Бул квазифискал – көмүскө таңкыстыктын суммасы. Муну азайтуу экономиканын өнүгүшүнө таасир тийгизет, бул маселени тоотпостукка салууга болбой калды. Бүгүнкү көрсөткүчтөр бизди канааттандырбайт, бирок да сырттан биз Эларалык валюта кору белгилеген чекте тургандайбыз.

Дагы бир амал – «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу. Кыйладан бери кеп болуп келаткан сөздү ишке ашыруу аракетинде өкмөт салык саясатында олуттуу дегидей өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Кошумча нарк салыгынын, киреше салыктын өлчөмүн 10% чейин кыскартты, айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн кошумча нарк салыгын алып салды. Ушундай эле жеңилдикке сырттан жабдууларды алып келген ишкерлер да ээ болушмакчы. Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров салык саясатындагы өзгөрүүлөрдү революциялык маанайдагы жаңылануу катары мүнөздөйт:
- Салык кодекси буга чейин жакшылап иштелип чыккан болчу. Бирок да салыктардын өлчөмүн азайтуу, түрлөрүн азайтуу, ишкерлерге салык жеңилдигин берген шарт түзүү боюнча саясий чечим кабыл алынбай келген. Бул ирет ал президент тарабынан колдоо тапты. Жаңы мыйзам долбоору парламентке сунушталып, депутаттар тарабынан колдоого ээ болду. Эмдиги жылы кирешеден алынчу салык үстөм – монополисттерден башкасына 10% ашпайт, өткөөл учурда үстөмчүлөр мурдагыдай эле 20% салык төлөшөт. Кошумча нарк салыгы 10% түшүрүлдү.

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору Жусуп Пиримбаев Кыргызстандын учурдагы экономикалык жагдайы абыдан ыңгайлуу шартта турат дейт.

Президент К.Бакиевдин эмдиги жылы экономикада өсүштү 8% жеткирүү керектигин айткан жайы бар. Бирок да эмдиги жыл бюджетинде бул көрсөткүч болгону 5% гана тегерегинде.
XS
SM
MD
LG