Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

БОРИС ВОРОБЬЕВ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕН МҮЛКҮН ТАЛАШУУДА


Кабыл Макешов, Бишкек Акыркы убакта Германияда жашап жүргөн экс- депутат, белгилүү ишкер Борис Воробьев Бишкекке келип, 10 эпизод боюнча экс- президент Аскар Акаевди сотко берээрин, тартып алышкан менчик автобазарын, дүкөндөрүн, ишканаларын кайтарып алууга аракет кылаарын билдирди. Анын айтымында депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тийешеси жок.

Борис Воробьев экс- президент Аскар Акаевди сотко берип жатканын мындайча түшүндүрдү.
-2000- жылы 5- декабрда Жогорку сот тарабынан акталганыма карабай, куугунтукка алындым. Окуя мындайча болгон. 1999- жылы 2- июнда Чүй облпрокуратурасы тарабынан негизсиз кармалып, депутаттык укугум бузулган. Мага 5 ирет издөө жарыяланып, 32 жолу кылмыш иши козголду. Бирөө дагы аныкталган жок. СИЗодо 7 ай отуруп, Аскар Акаевге кат менен кайрылсам дагы , жооп берген эмес. Мурдакы бийлик тарабынан мага кол салуу болгондуктан Германия өлкөсүнө качкын болуп кетүүгө аргасыз болгом.

Кыргыз парламентинин мурдакы депутаты, белгилүү ишкер Борис Воробьевдун депутаттык мөөнөтү аяктай электе мурдакы бийлик тарабынан кол тийбестиги алынып, кылмыш иши козголуп, убактылуу камакка алынган. Соттошуп жүрүп бошонуп чыкканы менен менчик мүлктөрүн тарттырып жиберип, саясый качкын катары Германияга баш калкалап кеткен.

Орусияда баш калкалап жүргөн экс- президент Аскар Акаевдин паспорттук каттосу Бишкекте экенин эске алуу менен 10 эпизод боюнча сотко берүүгө ниет кылып жаткан Борис Воробьев сот аркылуу моралдык жана материалдык чыгымдарын калыбына келтирип, мүлкүн кайтарып алууну көздөйт.


Ишкер Борис Воробьевдун айтымында, мурдакы бийлик “Европа” супер маркет дүкөнүн, “Датка” май куюуучу түйүндөрүн,Сокулуктагы кант заводун, арак чыгарган кичи ишканаларын жана Бишкектин батыш тарабындагы автобазарын башка адамдардын тартып алышына көмөктөш болгон.

Жогорку кеңештин депутаты, маркум Жыргалбек Сурабалдиев Военно-Антоновка айлындагы “Азамат” автобазарын мыйзамсыз тартып алганын, өз мүлкүн мыйзам чегинде кайтарып алууга аракет кылып жатканын Борис Воробьев маалымдады.
- Жыргалбек Сурабалдиев мурунку бийликтин заказы менен 2002- жылы мага кол салууну уюштуруп, менин автобазарымды мыйзамсыз түрдө тартып алган. Учурда Жыргалбек Сурабалдиевдин туугандары анын өлүмүнө мени күнөөлөп жатышат. Депутат мүлк талашуунун эмес, саясый кызыкчылыктардын курмандыгы болду. Анын өлүмүнө менин эч кандай тийешем жок. Алар тартып алган мүлкүмдү күч колдонбой мыйзам чегинде кайтарып алууга аракет көрүп жатам.

Адистердин айтымында маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин үйбүлөөсү менен Борис Воробьевдун “Азамат” автобазары тууралуу талашы узакка уланчудай. Мыйзам боюнча көзү өткөн адамдын мүлкү алты айдан кийин гана териштирилип бөлүнөт. 10- декабрда депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин атылганына жарым жыл болду. Ушуга байланыштуу маркумдун жесири Чынара айым Сурабалдиевдин мүлкү жана менчиги юридикалык түрдө аялы менен балдарына өтүп жатканын, Борис Воробьевдон автобазарды тартып албай, кеңейтип сатып алышканын, күйөөсү кол салууну уюштурбаганын жана депутаттын өлүмүнө Борис Воробьевдун катыштыгы барбы же жокпу аны тергөө иликтээрин айтты.

XS
SM
MD
LG