Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Росссиянын коргоо министри Украинага айбат кылды


Ырасмий Москва Украинага кайрылып, Севастополь деңиз аскер базасын пайдалануу боюнча келишим өзгөртүлбөйт деп эскертти. Украин тарап мурда базанын ижара акысын көбөйтүүнү сунуш кылган.
Россиянын коргоо министри Сергей Ивановдун сөзүнчө, ижара акысын көбөйтүүнүн аягы опурталдуу бүтүшү ыктымал:


–Советтер Союзунун Кара деңиз флотунун бөлүү жөнүндөгү келишим, россиялык-украиналык чоң келишимдин ажырагыс бөлүгү. Бул келишимдин экинчи бөлүгүндө эки жактын чек аралары аныкталган. Андыктан, келишимди кайра кароо опурталдуу бүтүшү мүмкүн деп ойлойм.


Москва-Киев ортосундагы газ чатагы да курчуп барат. Бүгүн Украинанын премьер-министри Юрий Ехануров Россия газынын 15 процентин жол акы үчүн бөлүп алуу “биздин зарурат акыбыз” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG