Узун түндөгү ак сакалы жайкалган карыялар айткан жомокту ким эстебей койсун. Теребел термелте коңур үн коштогон окуялар тизмегинде наристе көшүлүп, дөө-шаалар жана ачаалбарстылардын жосунсуз жоругуна айласыз аралашып, накыл кеп, накай сөз баалуулугунда таалим-тарбия алган эмеспи кыргыз жаштары. Жомок сыяктуу оозеки чыгармалардын бул бир жагы болсо, мындан тышкары алардын мазмун-маанисинде бай тарыхый-этнографиялык маалымат камтылган.
Мисалы, кыргыз оозеки чыгармаларында Жаныбек ханга байланыштуу айтылган бир топ жомоктор кездешет. Алар: “Жээренченин баласы”, “Жаныбек хан”, “Алдаркөсө аңгемеси”, “Жээренче чечен менен Алдаркөсө”, “Асан кайгы менен Жаныбек хан”, “Жээренче чечен” ж.б.
Жазма булак маалыматтарынан белгилүү болгондой, Борбордук Азиядагы орошон окуяларга катышып аты чыккан жана эл эсинде калган Жаныбек аттуулар тарыхта экөө болгон. Биринчиси, 1342-1357-жылдары Алтын Ордону башкарган – Жаныбек, экинчиси 1367-жылы Алтын Ордо тагын ээлеген – Жаныбек.
Асыресе, Жаныбек атуулдар жана майда хан титулун алып жүргөн жаныбектер казак менен өзбектер арасында арбын кездешет. Анткен менен эл эсинде кыттай уюп, ал түгүл анын окуялары жомок болуп айтылгандай абалга жетиш үчүн каарман калк башкарып, мамлекет түптөгөн адам, же биздин талдообуздун мисалы көрсөткөндөй анык хан, болгондо да Алтын Ордону 15 жыл башкарган Жаныбектей болушу керек.
Кыргыз жомогундагы Жаныбек хандын жоругу так ушул Алтын Ордо өкүмдарынын бийлик мезгилине жана ал жасаган иштерге дал келет. Кыргыз элинин “Жээренче чечен” аттуу жомогундагы сюжеттик уңгу алыскы XIV кылымда өткөн окуялар менен үндөшүп кетет. Жомоктогу – Жээренче Чечен, Акыл Карачач эпизоду, айрыкча Жаныбек хандын иниси Бердибек тарабынан өлтүрүлүш окуясы, XIV к. Алтын Ордодо өткөн тарых алааматына окшош. Жазма булак маалыматтары далилдегендей, “Алтын ордо” өкүмдары – Жаныбек хан 1357-жылы өз уулу Бердибек тарабынан өлтүрүлгөн. Ошондо ага Толубай аттуу адам жардам берген. Кыргыз жомогунда Бердибек анын уулу эмес, бир тууган иниси деп айтылганы болбосо, калган окуя тарыхый чындыкка дал келет.
Демек, кыргыз эл жомокторундагы Асан кайгы, Жээренче чечен, Жаныбек хан, Бердибек, Толубай жана башка ушу сымал каармандар кайсыдыр бир убакта кадимкидей өмүр сүрүп, алар жасаган өрнөктүү иштер эл эсинде калып, ал түгүл жомок болуп айтылып калган.