Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Укук коргоо борбору президентке өлүм жазасына мораторийди узартуу өтүнүчү менен кайрылды


БИШКЕК. 28-декабрда «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору жаңы жылга дейре өлүм жазасына мораторийди узартуу тууралуу жардык чыгаруу өтүнүчү менен президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда ошондой эле мурда өлүм жазасына кесилгендердин туугандарына жазанын аткарылган убактысы жана сөөктөрү кайсы жерлерге коюлганы тууралуу толук маалымат алуусуна шарт түзүү, ошондой эле алардын сөөктөрүн алып кетүүгө мүмкүндүк берүү, мындан сырткары өлүм жазасына кесилгендер кармалуучу атайын абакты куруу маселесин чечүүнү тездетүү суралган.

Жыл сайын киргизилген мораторийлерге ылайык, Кыргызстанда 1998-жылдан бери өлүм жазасы аткарыла элек. Өлүм жазасына мораторий киргизүү тууралуу президенттин 2005-жыл үчүн чыгарган жардыгынын мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыгат. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкө абактарында өлүм жазасына кесилген 200чакты айыпкер кармалууда.

XS
SM
MD
LG