Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 11:16

Мурдагы коргоо министри Эсен Топоевге каршы кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Бул тууралуу шейшемби күнү берген маалымат жыйынында башкы прокурор Камбараалы Конгантиев билдирди. Буга байланыштуу башкы прокуратура экс-министрди кармоого жардам көрсөтүүнү сурап Россиянын тартип коргоо кызматтарына кайрылууну көздөп жатат. Бирок, буга чейин Эсен Топоев Россиянын атуулу экендиги тууралуу маалымат тараган. Конгантиев ошондой эле Топоев Россия коргоо министрлигинин карамагында иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат бар экенин билдирди, бирок, ал кайсы кылмыш боюнча иш козголгондугу тууралуу толук айткан жок. Ал эми «Коммерсанть» гезити Эсен Топоевге кызматынан кыянаттык менен пайдаланды жана мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян алып келди деген айып тагылып жаткандыгын жазды. Конгантиевдин дагы бир маалыматына караганда, мурдагы айыл чарба министри Александр Костюкка каршы да башкы прокуратура кылмыш козгоду.

XS
SM
MD
LG