Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Улуттук коопсуздук кызматы Кытайдан келаткан 2 тонна этти жок кылышты


НАРЫН. Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусундагы башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Эркин Аскарбековдун 29-декабрда Азаттыкка билдиргенине караганда, Торугарт көзөмөл пунктунан 12-декабрында Бишкекте катталган Тегирмен жоопкерчилиги чектелген коому өткөрүп бара жаткан 45 мүшөк, 2 тоннага жакын дайыны белгисиз эт кармалган. Кытай мамлекетине таандык автоунаанын алдына катылган ал эт Нарын шаарына алынып келинип, тиешелүү текшерүүлөрдөн өттү. Нарын облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришкендей, контрабандалык этте ичеги карын ооруларын козгоочу бактериялар болгондугу аныкталган. Аталган жүк 29-декабрда Нарын шаардык борбордук от казанында өрттөлдү. Контрабандалык жүктү өрттөөгө кеткен чыгымдарды жоопкер тарап Тегирмен жоопкерчилиги чектелген коому төлөдү. Бул иш боюнча тергөө иши жүрүп жатат.


Аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. 30-декабрда республика боюнча маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Талас, Чүй облустарында түнкүсүн 5…10 градуска, күндүз 0…5 градуска суук.
Жалалабат, Баткен, Ош жана Ысыккөл аймактарында түнкүсүн 3…8 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 1…6 градус суук.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 2…4 градус суук болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG