БИШКЕК. Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны көп, сапаты жок деген пикирин президент Курманбек Бакиев 29-декабрда билдирди. Анын айтымында, кырдаалды оңдоо үчүн кесиптик техникалык окуу жайларды жандандыруу зарыл.
Президент келечекте завод-фабрикаларды жандандып, кошумча ишканалар курулаарын, ал үчүн техникалык адистиги бар жаштар жумушка тартылаарын белгиледи. Бакиев ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүү багытында кызматташ мамлекеттерден келерки жылы 500дөн 1 миңге чейин трактор, комбайн, айыл чарба шаймандарын алып келүүгө аракет көрүлүп жатканына токтолду.