Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:09

Бишкектин өрт өчүргүчтөрү иш ташташты


БИШКЕК. 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү Бишкек шаарынын Өрттөн сактоо гарнизонунун 100дөн ашуун кызматкери Жогорку Кеңештин алдында пикетке чыгышты. Алар бийликтен Өрттөн сактоо гарнизонунун администрациясынын ишин текшерүүнү, бир жылдан бери берилбей келаткан тамак-аш үчүн бөлүнүүчү 16 млн сом каражатты жаңы жылга чейин берүүнү өкмөттөн талап кылышты. Эгерде талаптары аткарылбаса иш таштоону улантыша тургандыктарын билдиришти.
Нааразылык билдиришкен өрт өчүргүчтөр менен премьер-министр Феликс Кулов, Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жолугушту. Кулов 30-декабрда бул боюнча өкмөттө каралаарын, маселенин чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG