Чеченстандын Шелковский районунда алгачкы оорулуулар катталгандан бери эки жумадай убакыт өттү, андан бери бейтаптардын көбү сакайып ооруканадан чыгып кетишти, бирок алар кандай дартка кабылганы али белгисиз.
Чеченстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Султан Алимхаджиевдин айтымында, Грозныйдагы балдар ооруканасында ушу тапта 12 өспүрүм гана дарыланууда. Дарыгерлер баш-аягы 80дей кишини алеки заматта буттан жыккан табышмактуу оорунун себептерин аныктап бүтө элек. Талаштар негизинен эки жоромолдун тегерегинде жүрүп жатат. Айрым медиктер бул оору көптөн бери жергиликтүү элдин аң-сезимин чырмап келаткан психологиялык кысымдын кесепети дешсе, экинчилер аскерлер колдонгон химиялык заттын уулуу калдыктары болушу ыктымал дешет.
Орусиялык ырасмий чөйрөлөр ыктаган алгачкы түкшүмөл боюнча, Чеченстандыктар эки жолку согуштан чоң стресс алып, психологиялык жактан кыйналып кеткендиктен ушундай күтүүсүз ооруга чалдыгууда. Сербиянын улуттук психологиялык изилдөө борборунун директору Татьяна Дмитриева ушундай эле ондогон кишилерди буттан жыккан оорунун белгилери 1988-жылы Армениядагы Спитакта болгон катуу жер титирөөдөн кийин жана кийин АКШдагы 11-сентябрдагы теракттардан кийин катталганын айтат. Эксперттер бирок эмнеге узакка созулуп кеткен уруш, куралдуу кагылыштар орун алган Чеченстанда бир гана райондогу эл жабыркап, калган аймактар тынч экенин чечмелеп айта алышпайт.
Жергиликтүү тургундар ырасмий бийликтегилердин айткандарын менен макул эмес. Сачита Батаеванын кызы да күтүүсүз дартка кабылып ооруканага жатып чыкты.
- Мен догдурлардын диагнозу менен макул эмесмин. Башка кишилер да ушундай ойдо. Кантип эле ушунча адам бир заматта бирдей ооруга кабылып калсын? Догдурлар эмнени айтып жатканын түшүнүп болбойт. Балдарыбызды күндө багып карап жаткан энелер - биз баарын көрүп турбайбызбы. Чеченстанда куралдын шумдук түрлөрү колдонулуп жатат. Ошонун кесепети деп эмне үчүн айта алышпайт? Бийликтегилер тынч дегени менен, согуш азыр да уланууда. Балдарыбыз түнкүсүн октун үнүнөн чочуп ойгонушат. Такай коркуп тургандын кесепети болушу мүмкүн, бирок жалаң ошондон дегенге каршымын.
Коңшулаш Дагестандагы сот экспертизасы күтүүсүз дартка кабылган жаш кыздардын канынан этилон гликол аттуу химиялык затты тапкан. Адатта бул зат автомобилдердин майын тоңдурбоо максатында колдонулат. Дагестандык догдурлар балким ушул затты бирөөлөр аккан сууга төгүп жиберген деп чыгышты. Чечен сепаратисттеринин өкүлү Ахмед Закаев Орусия атайлап оорунун себебин жашырып жатат, федералдык күчтөр жаңы куралды сынап көргөн болушу керек, окуяны көз карандысыз эксперттер иликтеши зарыл деп билдирди.
Чеченстандын парламенти 23-декабрь күнү маселени талкуулап, атайын иликтөө жүргүзүүгө киришти. Жыйын маалында бир депутат Орусияны ачык айыптап, Москва Чеченстанды куралдын жаңы түрлөрүн сыноо гарнизонуна айландырды деп ачууланды.