Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Укук коргоочунун үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулду


Бишкек. Кыргызстан укук коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин
үстүнөн козголгон кылмыш иши 29-декабрда Бишкек шаардык прокуратура тарабынан жабылды. Бул тууралуу 30-декабрда президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун «Азаттыкка» билдирди. Март ыңкылабына чейин, мурдагы бийлик учурунда Рамазан Дырылдаевдин үстүнөн ал кызмат абалынан пайдаланып, уюмга келген чет өлкөлүк гранттык акча каражаттарын өз кызыкчылыгында пайдаланган деген күнөө менен кылмыш иши ачылган.


Аба ырайы
БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 31-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 1...6 градус суук.
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 2...7 градус суук болот.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн 3...8 градус суук, күндүз 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу.
Ысыккөлдө түнкүсүн 5тен...10 градуска чейин, ал эми күндүз 0...5 градуска суук болот.



Нарын аймагында түнкүсүн 20...25, күндүз 7...12 градус суук.
Бишкекте кыламык кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 3...5 градус суук болот.



Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева менен Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG