Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Табигый кырсыктар болушу ыктымал жерлер аныкталат


БИШКЕК. 2006-жылы Кыргызстандын аймагындагы кайсы жерлерде табигый кырсыктар болушу ыктымал экендиги боюна Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинде 15-январга чейин мониторинг жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары боюнча кайсы район, айыл өкмөтүндө же айылда жер көчкү, же башка табигый кырсыктар болушу ыктымалдыгы тууралуу атайын китепче жазылып, карталар түзүлөт. Мындай китепчелер менен карталар облустук администрацияларга, ар бир райондун акимине, айыл өкмөт башчыларына таркатылып берилет. Өзгөчө кардаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча, өткөн жылы ар кандай табигый кырсыктардын кесепеттерин жойуу үчүн министрлик тарабынан жалпысынан 309 млн. сом жумшалды. Анын ичинен 39 млн. сом табигый кырсыктардан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардамга берилди, 172 млн. сом – жаңы объектилерди курууга сарпталды.

XS
SM
MD
LG