БИШКЕК. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Орусия менен Казакстанда Айдар Акаевди, Адил Тойгонбаевди жана Кемелбек Нанаевди издөө иштери ыкчамдатылат. Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иштери козголгон бул адамдарды издөөгө аталган өлкөлөрдүн ички иштер органдары да көмөктөшүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө боюнча башкармалыгынын башчысы Бактыбек Жусубалиев билдирди. Өткөн аптада Москвадан буга чейин башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, издөө жарыяланган Кыргызстандын жазаны аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Владимир Носов менен Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча улуттук агенттиктин мурдагы начальниги Юрий Лысогоров кармалган.