Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

31-декабрь Бишкекте тынч өттү


БИШКЕК. 31-декабрь Бишкекте мурдагы жылдарга салыштырмалуу тынч өттү. Бул тууралуу 1-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү күзөт кызматынын өкүлү Чолпонбек Осмоналиев билдирди. Анын маалыматы боюнча, 31-декабрдан 1-январга караган түнү шаарда 26 кылмыш катталган. Алар негизинен уурулукка, майда бейбаштыктарга жана жол кырсыктарына байланыштуу кылмыштар болду. Жаңы жыл күнү Бишкек шаардык гарнизону толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат аткарды. Жалпысынан 420 милиция кызматкери эртең мененки саат 8ге чейин шаарда күзөттө турушту.

XS
SM
MD
LG