Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Жогорку Кеңештин телевидениеси жакында эфирге чыгат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин телевидениесин 16-январда парламенттин сессиясында биринчи жолу эфирге чыгаруу болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев 2-январда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин телевидение жана радиосун ачуу боюнча долбоорго Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюму көмөк көрсөтүп, телевидениеге керектүү жабдыктарды алууга 55 миң доллар, радионун жабдыктарын алууга 40 миң доллар каражат бөлгөн. Ал эми парламенттин радиосу бир айдан кийин FM-90.2 толкунунда обого чыгуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG