Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОН – КАТ ЖАЗУУНУН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ ЖОЛУ


Жаңыл Жусупжан кызы, Прага СМС, же чөнтөк телефону аркылуу жиберилген куш тилиндей кат дүйнө жүзүндө көп кишилер үчүн байланыштын негизги ыкмаларынын бирине айланды. Себеби ал тез, түз жана арзан. СМС - айрыкча жаштардын сүймөнчүгү. Алар СМС аркылуу достошот, сүйүүсүн билдирет, ал тургай саясий максатта колдонот.

СМС же чөнтөк телефон менен жөнөтүлчү куш тилиндей кыска кат 20-кылымдын акыркы он жылдыгында колдонууга киргизилди. Ошондон тартып ал дүйнөгө чагылгандай тез таркаты. СМС айрыкча Европада, Австралияда жана Азияда көп колдонулат. Техника менен тез тил табышкан жаштар СМС аркылуу таанышат, бирөө менен мамилесин токтотушат жана күнүнүмдүк иштерин жөндөшөт. Кыска кат эң узун дегенде 160 тамгадан туруш керек. Кыргызстандык Жазгүл каттын мазмунунан да, аны канчалык тез жазаарына кызыгат:

- Менин атым Жазгүл, Мен бир мүнөттө 160 тамганы жазып жибере алам. Ушинтип рекорд койгом, бирок мен аны дагы жакшыртып, 160 тамганы 30 секундда жазганга жетишким келет.

Ал эми ташкендик бул жигит СМСти ашыктык сезимдерин билгизүүгө колдонот:

Бүгүнкү күндө көп балдар СМСти кыз табууга, кыздар жигир табууга колдонушат. Мен деле, СМС аркылуу сүйнүү ырларын жиберем

Ливан жана Филипин сыяктуу бир катар өлкөлөрдө СМС нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн колдонулду.

Иранда СМС мындан эки жыл мурда киргизилгенден тартып, дароо таркады. Эбрахим Солеймани - тегерандык журналист, ал Азаттыкка СМСти ирандык жаштар негизинен студенттер ой-бөлүшүүгө, сезимдерин билдирүүгө жана адатта тыйуу салынган темаларды козгоо үчүн колдонушат.

Сентябрь айында өткөн президенттик шайлоодо СМС Иранда айрым талапкерлерге каршы колдонулду. Мисалы талапкерлердин бири Мехди Карруби 18ден жогорку жаштагы ирандыктарга Ирандын мунай байлыгынан ай сайын 70 доллардан төлөп турууга сөз берген эле. Ушуга байланыштуу "Мага 70 доллар берип тур, Карруби президент болгондо кайтарып берем" деген шакабалуу СМС таркады. Ал эми шайлоонун экинчи айлмапасында талапкер Махмуд Ахмединижадга каршы көп СМС таркатылды, алардын биринде "Талибан келатат" деп эскертилди, бирок акыр-аягында ашкере-консерватор Ахмединижад президент болуп калды.

СМС кыскартып жазууга ылайыктуу болгондуктан, изилдөөчүлөр жаштар өз ойлорун так билдирип, адамдар менен алака түзө билүүсүнө шек келтирет деп эскертишет. СМС айрым өлкөлөрдө анча таркай элек, бирок британиялык профессор анын келечеги кең дейт:

Рейд Фрейзер Плаймаус университетинин психологу. Ал белгилегендей, ар түрдүү технологиялар жуурулушуп, телефон аркылуу кино көрүүгө, китеп окууга боло турган чөнтөк телефондор ойлонулуп чыгууда. Азыр чөнтөк телефонунда фотоаппарат да орнотулган, турган жериңизден сүрөт тартып, жиберсеңиз болот, автобус, поезддердин качан келип, кетээрин билип, интернет почтаңыздагы катты каалаган убакта окуй аласыз, Демек, телефон бирөөлөр менен байланышуудан да башка көптөгөн максаттарда колдонула берет. СМС байланыштын эң жөнөкөй жана арзан жолу болгондуктан, кабар ташууда ал дагы он чакты жыл үстөмдүк кылат деп болжолдоого толук негиз бар.

XS
SM
MD
LG