Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:20

АДАМ УКУКТАРЫ КОМИССИЯСЫН АЛМАШТЫРУУ - УЛУТТАР УЮМУ ҮЧҮН БЫЙЫЛ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МАСЕЛЕ


Жаңы башталган 2006–жылы Улуттар уюму үчүн Адам укуктары боюнча комиссиясын реформалоо артыкчылык берилген иштердин бири болмокчу. Мунун жүйөөсү эмнеде?

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан уюмдун алдындагы Адам укуктары боюнча комиссияны курамы жагынан чаканыраак кеңешке айлантууну былтыр жазда сунуш кылган эле. Адам укуктары боюнча жаңыдан түзүлүүчү кеңештин жол- жобосу, иштөө тартиби боюнча андан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келди, бирок өткөн жылдын соңуна чейин макулдашуу кабыл алынып калат деген жоромолдор ишке ашкан жок.

"Интернешнл Геральд Трибьюн" гезитинин жазганына караганда, сүйлөшүүлөр эми кайра 11- январда улантылмакчы жана тараптар март айында Женевада Адам укуктары комиссиясы кезектеги жылдык жыйынына чогулганга дейре кандайдыр бир чечимге келиши керек.

Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдардын пикиринде, БУУнун Адам укуктары коммиссиясы буга чейинки иштөө тажрыйбасы көргөзгөндөй, өзүн- өзү дискредитациялап салды. Андыктан жалпы эле Улуттар уюмуна болгон ишенимди калыбына келтириш үчүн аталган комиссия да реформаланышы абзел. "Ньюман Райтс Уочт" уюмунун аткаруучу директору Кеннет Росстун айтымында, мындагы башкы - жүйөө адам укуктарын олутуу бузган мамлекеттер менен өкмөттөрдө өздөрүн айыптоого жол бербөө максатында комиссияга кирүү мүмкүнчүлүгүнүн бардыгында. Себеби комиссиянын азыркы жол - жоболору анын ишине Куба, Судан, Зимбабве өңдүү адам укуктары тебелеген өлкөлөрдүн катышуусуна жол берет. Алтурсун АКШнын жана адам укугун коргоочу уюмдардын каршылыгына карабай Ливия 2003- жылы комиссияда төрагалык кылган.

Учурда комиссиянын курамы үч жылдык мөөнөткө иштөөчү 53 өлкөдөн турат жана мүчө өлкөлөр регионалдык топтор тарабынан шайланат. Комиссия жылына бир ирээт гана алты апталык жыйынга чогулат. Комиссия маселен Судандын Дарфур провинциясындагы гуманитардык кырсыкты, бул жерде араб тектүү калк кара түстүүлөргө көрсөткөн мыкаачылыкты айыптап, чара көрө албаганы үчүн былтыр сынга кабылган.

Ал эми сунуш кылынып жаткан кеңеш туруктуу иштеп, адам укук бузуу катталган учурда чара көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Жылына бир эмес,зарылдыгына жараша бир нече ирээт жыйын өткөрүп, дүйнө өлкөлөрүндө адам укуктарынын абалына мезгил- мезгили менен мониторинг жүргүзүлмөкчү.

Азыр ошол кеңештин курамы канча өлкөдөн турары, жылына канча ирээт жыйын өткөрөрү, мүчө өлкөлөр кандай критерийдин негизинде тандалып алынары талкууланууда. Бир өлкө Адам укуктары боюнча кеңешке эң көп дегенде эки мөөнөткө гана мүчө болуш керек. Ар бир мүчө өлкөнү регионалдык топтор аркылуу эмес, БУУнун Башкы ассамблеясына үчтөн эки добуш менен шайлоо жөнүндө да сунуштар бар.

БУУнун Башкы ассамблеясына 191 өлкө мүчө. Сунуш кылынып жаткан бир катар өзгөрүүлөрдөн улам жакыр жана аз өнүккөн өлкөлөр арасында Адам укуктары боюнча кеңеш да бай жана өнүккөн мамлекеттери үчүн алар өз эркин таңуулоосуна дагы бир жол ачып береби деген тынчсыздануулар да жок эмес.

"Интернешнл Геральд Трибьюн" басылмасынын жазганына караганда, БУУнун дипломаттары Адам укуктары комиссиясы туруктуу иштеген кеңешке айландырылышына караманча- каршы болгон мамлекеттердин топ башындагылар ирээтинде Египет менен Пакистанды бөлүп көрсөтүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG