Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

ОРУСИЯ БИРИНЧИ ЖОЛУ ЧОҢ СЕГИЗГЕ ТӨРАГАЛЫК КЫЛАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия жаңырган жылдын биринчи январынан тартып «Чоң сегизге» төрагалык кыла баштады. Ал уюмга бир жылдык төрага болуу кезметин Маскөө Улуу Британиядан утурлап алды. 1997 жылы Орусия өзү кошулган, дүйнөнүн айрыкча өнүккөн таасирдүү өлкөлөр тобуна биринчи жолу жетекчилик кылып атышы. Орусия төрагалык кылуу маалында «Чоң сегиз» олтурумдарында каралуучу негизги маселелердин бири - глобалдуу энергетика коопсуздугу болмокчу.

Орусия 1-январдан тартып бир жыл бою Чоң сегизге төрагалык кылган мамлекет болот. G-8ге жетекчилик кылуу кезметин Орусияга берүү 2002-жылы июнда Канадада өткөн саммите кабыл алынган. Маскөө быйылкы жылы көч башында турчу маслет – глобалдуу энергетикадагы коопсуздук болот деп жарыялады. Саммиттин өтүшү үстүдө жылдын июль айында орусиялык лидердин мекени Санкт-Петербургда болору айтылууда.
Ошондой эле Орусия, төрагалык кылган маалда, дүйнөлүк эпидемиялар менен, СПИД, безгек, кургак учук оорулары ошондой эле элдин көчүп оошу менен күрөшүү сыяктуу маслеттерге саммитке катышуучулар көңүлүн Маскөө бурдурат дешет. Дагы бир күн тартибиндеги маселе – террорчулукка каршы күрөш, «үчүнчү дүйнө» өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө көмөк көргөзүү болот дешет.
Батыш анализчилери болсо Чоң сегизге дегеле Орусиянын төрагалык кылуусу жарашпай тургандыгын айтып, бул жолу Маскөө көтөрүп чыккан күн тартиби «бүтүндөй саясий мазмундагы» маслеттер, G-8ке кирген мамлекеттер ичинен экономикалык артыкчылыгы жок өлкө Орусия болгондуктан мындай тапшырмаларды аткаруу башкалардын гана колунан келчү иш дешүүдө.
Маскөөдө болсо адам укугун коргоочулар былтыркы жылы Ходорковскийди каматып, ЮКОС компаниясын жарым-жартылай мамлекттештиргени үчүн, Чеченстанда адам укугунун тебейлеп тепселенип атышы үчүн Кремлди сынга алышууда. Бийлик бир эле экономикалык бүтүмдүктү колго алуу менен чектелбей эми коомдук уюмдарды көзөмөлдүккө алууну да колго ала башташы дагы бир сынга негиз болууда. Украинада чыкчу «День» гезити жазганга караганда: «Грузия, Украина жана Кыргызстандагы ыңкылаптардан кийин абал кескин өзгөрдү. Ошондон соң ага дейре өкүмөттүк эмес болуп келген уюмдар автоматтуу түрдө түздөн түз бийликке коркунуч туудуруучу уюмдарга айланып калды», - деп жазат. Өкүмөттүк эмес уюмдар ишкердигин теске салып тургудай мыйзам кабыл алынды. Анын кабыл алынышында президент Путинге коомчулук пикирин билдирип, адилеттүүлүктү талап кылган адам укугун коргоочу Элла Панфилова биздин үналгыга айткан пикиринде Орусиянын G-8де төрагалык кылуусу канткен менен бир жаңылык алып келет дейт:
«Мен Чоң сегиз саммитинен кийин жарандар коомунун пайда болушун абдан каалар элем. Андан кийин ал аягына туруп, өнүгүү жолуна түшөт. Бул менин тилегим жана биздин алдыбыздагы маслетибиз», - дейт Элла айым.
Орусияны Чоң сегизге кошуп алуу 1997 жылы болгон. Ал жылдары советтик турмуштан демократиялык жолго түшүү башталгандыктан жана ошол көрүнүштү колдоо максатта Батыштын өнөр жайы өнүккөн алдыңкы өлкөлөрү Маскөөнү кошуп алышкан. Азыр Владимир Путин бийлигинин авторитардык тенденцияга өтүүгө бет алышын Батыш улам-улам сынга алууда. Маселен, «Гардиан» жазганга караганда: «Бул мурдагы тоталитардык кезге баштан-аяк кайтып келүү эмес, сыртынан караганда, өлкө демократиялык институтка тийешелүү сөпөтүн сактап турат, бирок маңызына карай келгенде анын бычылган түрдө экенин көрүүгө болот, натыйжада Орусияда ички эркин өнүгүү үчүн шарт калбай калган», - деп жазат англис гезити.

G-8ге АКШдан тышкары Улуу Британия, Франция, Жапония, Алмания, Канада, Италия киришет.

XS
SM
MD
LG