Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

РОССИЯНЫН УКРАИНАГА КАРШЫ «ГАЗ-АВАТЫ»


Россия 1-январдан тартып Украинага газ берүүнү азайтты. Борбор Европа өлкөлөрү Россиядан көгүлтүр отундун аз келип жатканын кабарлашты. Европа Союзу жана Кошмо Штаттары Москва менен Киевди өз ара мунасага чакырды. Азырынча, талашты жөндөөгө эки тараптын ынтызарлыгын ырастаган белгилер байкалбайт. “Газпрпом” 1-январдан баштап Украина 1 000 куб метр газды 230 доллардан алуусун талап кылууда. Мурда Украина 1 000 куб метр газды 50 доллардан сатып алчу. Ырасмий Киев баанын чукул эмес, акырындап жогорулашына макул.

Россия 1-январда Украинага газ берүүнү азайткандан бери Москва жана Киев ортосундагы кайым айтышуулар дагы курчуду. Ырасмий Киев дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө Россияны Украинанын экономикасын ала салдыргысы келүүдө деп айыптады. Жекшемби күнү президент Виктор Юшенко Россияны газ менен камсыздоо боюнча мурда кол коюлган келишимдердин шартын бузууда деп күнөөлөгөн:

–Газды берүү 1-январда эмес, 31-декабрдан тартып азайтылды. Бул - Россия газын ташуу жана камсыздоо боюнча мурда түзүлгөн келишимдерди бузуу болуп саналат. Биз муну Украинага түздөн-түз экономикалык кысым көрсөтүү деп баалайбыз.

Россиянын маалымдашынча, акыркы бир күндө Украина европалык керектөөчүлөргө жөнөтүлгөн 100 миллион куб метрге жакын газды буруп алган.
Украина, тескерисинче, бир куб метр да газ албаганын айтууда. Бирок, мурдараак Батыш Европага өлкө аркылуу өткөн куурдагы газдын 15 процентин жол акысы катары алууга укугу бар экенин эскерткен.

Москванын Украинага каршы “газаватынын” таасири Европада сезиле баштады. Австрия, Мажарстан, Польша, Словакия газ аз келе баштаганын маалымдашты. Украина аркылуу келген газдын көлөмү, Австриянын OMV компаниясынын билдиришинче, үчтөн бирге жакын азайган.
Евробримдик керектеген газынын 25 процентке жакынын Россиядан алат. Анын 80 проценти Украина аркылуу өткөн куурдан келет.
Газдын тартыштыгынан өнөр жай менен ири бизнес катуу чыгаша тартат. Мындан тынчсызданган Германия, Италия, Франция жана Австрия өкмөттөрү Россия менен Украинага кайрылышып, газды туруктуу камсыздоого жана өз ара мунасага чакырышты. :

–Бул талашта эки тарап туура бүтүмгө келе алат деп үмүт кылабыз жана, андан тышкары, Россия менен Украина жакын коңшулар катары өз ара мунаса табаарына ишенебиз,- деди Германиянын канцлери Ангела Меркель.

Кошмо Штаттары Москванын күтүүсүз кадамы Европанын отун энергия тармагын кооптуу абалга койогонуна өкүнүчүн билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү Син МакКормак жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө, газды чукул кыскартуу “энергия саясый кысымдын куралы” катары пайдаланып жаткан жокпу деген суроону жаратаарын айтып, Вашингтон Россия менен Украина энергия маселесинде “акырындап базар мамилесине өтүүсүн жактайт” деди.

XS
SM
MD
LG