Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:11

Германияда спорт сарайынын чатары карга турштук бербей кыйрады


Германияда - калың карга туруштук бербей муз тебүүчү сарайдын чатары кулап, cоңку кабарга караганда, бери дегенде 15 кишинин, анын ичинде төрт баланын өмүрүн алды.
Жүздөгөн куткаруучулар Бавариянын Бэд Рейхенхол шаарындагы кышкы сарайдын урандылары астынан тирүү калган адамдарды издешүүдө. Жергиликтүү өрт өчүрүү башкармасынын башчысы Руди Зейф аба ырайы куткаруу иштерин кыйындатып жатканын билдирди:


-Мындай шартта сыртта иштөө куткаруучулар үчүн өтө оор болууда. Бирок, жыт билчү иттердин жардамы менен кыйрандылардын астында калган тирүү адамдарды табуу мүмкүн. Биз акыркы адам табылганча издейбиз.

Бийликтер тирүү качып чыккан 30 адамдын ар бир экинчиси түрдүү деңгээлде жарадар болушканын,имаратта кырсык маалында 50дөй киши болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG