Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Өзбек чек арачысынан ок жеген кыргыз атуулунун абалы оор бойдон


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасында өзбек чек арачысы аткан октон оор жараат алган Баткен облусунун тургуну Жамалидин Мырзаюсуповдун абалы дале оор бойдон. Азыр ал Өзбекстандын Фергана облусундагы Фергана райондук ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» 3-январда Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев билдирди.

Өткөн жылдын 11-декабрында Кадамжай райоунун Чекелик айылынын тургуну Жамалидин Мырзаюсупов өзүнүн жеңил автоунаасы менен Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чегиндеги чек ара бекетинен өтүп бараткан кезде өзбек чек арачысы “Калашников” автоматынан кыргыз атуулуна карап ок чыгарган. Натыйжада 40 жаштагы Жамалидин Мирзаюсупов башынан оор жарат алган. Бул окуя боюнча Өзбекстандын аскер прокуратурасы кылмыш ишин ачкан. Баткен облустук бийлигинин өкүлү Таштемир Эшалиевдин айтымында, өзбек тарап бул иштин жүрүшү боюнча эч кандай маалымат берише элек. Ал эми Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоп, окуяны кылдат иликтеп, кыргыз атуулуна ок аткан чек арачыга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн. Ал катка да эч кандай жооп боло элек.

XS
SM
MD
LG