Адамов министр болуп 1998-жылдан 2001-жылга чейин иштеген. Ал аралыкта АКШ өкмөтү Орусияга жардам иретинде 17 миллион доллар которгон жана ал акча өлкөнүн өзөктүк ишканалары менен кампаларындагы коопсуздук чараларына жумшалыш керек болчу. Бирок америкалык прокурлордун айтымында, ал каражаттын тогуз миллион долларга жакынын Адамов жана анын бизнес шериги Марк Каушанский өз максаттарында пайдаланган.
Министрликтен кеткенден кийин Адамов бизнес боюнча кеңеш берүү компанияларын түзүп, ишкерликке өтүп кеткен жана каражаттарын швейцариялык банктарда сактаган. Ошол иштер менен Швейцарияга келгенде, 2005-жылдын 2-май күнү ал Берн шаарында АКШнын талабы менен кармалган. Анткен менен Адамовду кармоо суранычы менен кайрылган Вашингтон аны АКШга өткөрүп берүү талабын шашпай июнда гана жиберген, ага чейин болсо Маскөө Швейцария бийлигине май айында кайрылып, Адамовду Орусияга өткөрүп берүүнү өтүнгөн.
Сот маселени карап, октябрдагы бүтүмү менен Адамовду АКШга жиберүүнү чечкен, бирок Орусия ага каршы арыз берген жана аны түшүнсө болот - Адамов Орусиянын жараны болгондуктан, анын Орусияда соттолушу мыйзамдуу нерсе. Бирок эмне үчүн буга чейин орус жетекчилиги Адамовдун ишинде эч ката таппай, ага каршы күнөө койбогонун Маскөө түшүндүргөн жок. Андан тышкары, айрым маалыматтарга караганда, Америкада соттолгондо, Адамов өтө узак мөөнөткө кесилиши мүмкүн болчу, Орусияда болсо ал 7-8 жылдын тегерегиндеги абак мөөнөтү менен кутулушу ыктымал.
Швейцариянын Жогорку соту маселени карап, 22-декабрдагы бүтүмү менен Адамовду Орусияга берүүнү чечти, бирок ал тууралуу маалымат 29-декабрда гана жарыяланды. АКШ Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Адам Эрели ошол эле күнү атайын билдирүү жасап, соттун чечими тууралуу Вашингтон өкүнгөнүн билдирди. Америкалык өкмөттүн айтымында, Адамов эми Орусияда адилет жаза алат деп гана үмүттөнсө болот.
Швейцария соттору үч айдын ичинде эки башка карама-каршы чечим кабыл алганы - өлкө канчалык татаал абалга такалганын көрсөтөт. Нейтралдуу мамлекет дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жакшы мамиледе болууну көздөйт, бирок АКШ жана Орусия сыяктуу эки улуу дөөлөттүн кызыкчылыктары кесилишкенде, акыркы чечим кабыл алуу оңойго турган жок.
Орусиялык жаран Орусияда соттолууга тийиш дегенден тышкары Маскөөнүн негизги далили - Адамов мамлекеттик сырларды билген адам, ошондуктан ал чет мамлекетте соттолгондо, ошол мамлекеттин чалгындоо кызматтары андан ал купуя маалыматтарды алууга аракеттенмек. Адамов өзү дагы ал тууралуу айтып, эгер мен бир эле күн башка мамлекеттин абагында отурсам, мен билген сырлар аларга ачылып кетмек деп билдирди. Анткен менен айрым орусиялык эксперттер - беш жыл мурда кызматынан кеткен жана чыныгы окумуштуу эмес, менеджер гана болгон Адамов өтө деле көп сыр билген эмес деген пикирде.
Адамовдун өзүнүн айтымында, ал эч мамлекеттик каражат ысыраптаган эмес жана айтылып жаткан тогуз миллион долларды инфляциядан сактоо үчүн жеке менчик банк эсебине салган. Мурдагы министр өзүнүн жазыксыз экенин сотто далилдей ала турганына да ишенет жана Орусиядагы соттон кийин өз эрки менен АКШга да барып, ага тагылган күнөөнүн баары негизсиз экенин көрсөтүүгө даяр.