Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

АЖЫГА БАРБАЙ КАЛГАНДАРДЫН ЧЫРЫН КОМИССИЯ ТЕРИШТИРЕТ


Сауд Арабстандын ажы министрлиги ачкан виза жетпей калып, ажылыкка бара албай калган эки миңдей кыргызстандыктар эми кеткен чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө маселе көтөрүшүүдө. Ажылык сапарга барбай калгандардын нааразылыгын териштирүү үчүн муфтиятта комиссия түзүлдү.

Ажыга барабыз деп жети миңдей адам документ тапшыргандыгы үчүн эки миңдей адам ажы сапарына чыкпай калып олтурат. Мындай кырдаалдын жаралышы үчүн өкмөт тарап муфтиятты айыптоодо.

Негизинен ажы сапарын уюштуруу боюнча муфтияттын астында түзүлгөн республикалык штаб күнөөлүү. Себеби, квота толгондон кийин документ кабыл талууну токтотуу керек болчу. Эмне үчүн мурда тапшыргандар калып калган да, кийин тапшыргандар виза алып кетишкен?Текшерип чыгуу керек,- деп айтты Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов.

Өмүрзак Мамаюсупов мындай башаламандык болбос үчүн ажыга башка республикалардай самолёт менен гана алпарууну оң көрөт:

13-декабрда Кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому чыкты ажылыкка көмөк көрсөтүү боюнча. Ал токтомдо ажыларды Кыргызстандан да самолёт менен гана алпаруу керектиги жөнүндө ачык жазылган. Ушул жол гана бизди башаламандыктан сактайт.

Автобус менен баруу эмдиги жылы токтотулат имиш деген кабар тараган соң быйыл ажыга барууга талаптангандар көбөйүп кетти деген пикирлер да жок эмес. Кыргызстан мусулмандарынын укугун коргоо тобунун өкүлү Камчыбек Өмүрзаков муфтиятта шаршемби күнү чоң жыйын өткөрүлгөндүгүн сөзгө кыстарды:

-Биздин топ уюштурган жыйын кимдин күнөөсү менен 2000дей киши ажылыкка барбай калды деген маселени коюп, аны изилдеп-тактап чыгуу үчүн чоң комиссия түзүлдү. Ал 25-февралга чейин ишти аягына чыгарат.

Ажыга сапар алган айрым автобустар жолдо бузулуп калгандыктан артка кайтууга аргасыз болушкан. Анадагы адамдар да алган визалары үчүн төлөгөн акчалары үчүн күйүп олтурушат.

-Менин атым Райымжан. Биз Казакстандын Атбасар районунан кайтып келдик. Автобусубуз бузулуп калды. Автобуста 34 киши элек. Ал жактагы суукту айтпа! Беш күн ошол жердеги мечитте жаттык.


-Саударабстандын визасын бизге Йорданияда ачып беребиз деп убада берген кишилер бар эле Сөздү ошол автобустун ажы башчысы Абдилах-ажы Шасалимов улады. -Ошон үчүн жөнөй бергенбиз. Акчаны алып алар мурдараак кетишкен болчу. Бизди күтүп жатышса керек. Визага кеткен акчаларды, автобуска кеткен акчаларды эл менден талап кылып, кыйнап жатышат.

Кырдаалдын кыйчалыш тарткандыгынан улам үч айлык отпускеге кеткен муфтий Мураталы-ажы Жуманов да иш ордуна кайтып келген экен.

-Кечээ күнү ар түрдүү тармактардын мусулман жамааттары катышкан чогулуш өтүп, анда айрыкча ажылыкка байланышкан маселелер козголуп, мени ушундай учурда эс алууну токтотуңуз, ушул талаш маселелерди акырына чейин чыгарыңыз деген талап коюшту. Ошондуктан кайра ишке чыктым,-деди муфтий.

Мураталы-ажы Жуманов ажыга барбай калгандардын негизги нааразылыгы визаларга төлөнгөн акчаларына байланыштуу болуп жаткандыгын баса белгиледи:

-Арабиянын визасы бекер. Бирок, Арабиянын визасы ачылат деген үмүттө Сирия, Йордания, Иран мамлекеттеринин визасын ачып алгандар көп экен. Ирандын элчилиги Бишкекте бар. Сирия, Йорданияныкын Ташкент, Москвадан ачып келишкен. Канчалаган акчалары кетиптир. Ажыга барбай калгандыгына байланыштуу акчаларды кайтарып бергиле деп муфтият суранып атабыз. Иран макул болду. Сирия менен Йордания макул болбосо – биз, муфтият төлөп берели деп жатабыз. Бизди өкмөт каржылабайт. Ажыга кеткендердин 10 доллары муфтиятка, 10 доллары республикалык штабга калчу эле, ошол акча менен эсептешип коёлу деген чечимге келдик.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов эмдиги жолку ажы сапарын уюштурууда Быйылкы жылы калып кеткен адамдарды биринчи кезекте эч кандай тоскоолдуксуз жөнөтүлөрүн айта кетти.
XS
SM
MD
LG